Мезгил
Кыргызстанда дагы 13 бейтап коронавирустан айыкты. Бул тууралуу ондайн маалымат жыйында саламаттык сактоо министринин орун басары, өлкөнүн башкы санитардык дарыгери Нурболот Үсөнбаев билдирди.
“Сутка ичинде Бишкек шаарынан 11, Нарын облусунан 2 бейтап коронавирустан айыгып, үйлөрүнө чыгарылды. Республика боюнча бүгүнкү күнгө карата жалпы 688 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды. Бардыгынын кайталап алынган анализдери терс болуп чыкты”, – деди ал.