Мезгил
Кыргызстанда дагы 17 адам коронавирустан айыкса 7 адам жуктурду. Бул тууралуу бүгүн, 13-майда онлайн брифингде саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.
Жаңы айыккан бейтаптар:
Бишкек шаарында 10 адам;
Жалал-Абадда 2 адам;
Баткен облусунда 4 адам;
Нарын облусунда 1 адам.
Муну менен Кыргызстанда жалпы 726 бейтап коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылды.
Жаңы катталган бейтаптар:
– Чүй облусунда 5;
– Ош облусунда 1;
– Нарын облусунда 1.
Кыргызстанда коронавирус жуктургандардын жалпы саны 1044 адамга жетти.