Дүйнөдөгү таасирдүү аялдардын сап башындагы Ангела Меркель 65 жашка толду

 Мезгил

Бүгүн 17-июлда  Германиянын канцлери Ангела Меркель 65 жашка толду.

Ал Германиянын тарыхындагы эң алгачкы  жана жалгыз аял канцлер болуп эсептелет. Меркель 2005-жылдан бери Германиянын башкы саясий кызматын аркалап келет.

Ал Америкалык Forbes журналынын  дүйнөдөгү эң таасирдүү 100 аялдын эң башында турат.    

 Ангела Меркель 1954-жылы 17-июлда Гамбургда жарык дүйнөгө келген. Кыз кезиндеги аты — Ангела Доротея Каснер. Диний үй-бүлөдө чоңойгон. 1961-жылы мектеп босогосун аттап, окуу жайды мыкты деген баага бүтүргөн. Илим жаатында иштеп, саясатка кадам таштайт.  Меркель эки ирет турмушка чыккан. Бирок экөөндө тең балалуу болгон эмес. Ал биринчи жолдошунун фамилиясын алып жүрөт.

Германиянын канцлери Ангела Меркель 2016-жылдын ноябрь айында Бишкекке келгенде, аны ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаев “Курманжан датка” ордени менен сыйлаган. Сыйлык Ангела Меркелдин кыргыз-герман мамилелерин бекемдөөгө кошкон салымы жана дипломатиялык мамилелердин 25 жылдык юбилейине карата берилген. Белгилей кетсек, Меркель ордендин алгачкы ээси.

Булак: Мезгил ньюс 

 

 

 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *