Дүйнө кызыктары:  Дүйнөдөгү эң семиз бала 10 жашында 192 килограммга семирген

Мезгил

Дүнөдөгү эң семиз бала 10 жашында 192 кг болгон

Дүйнөдөгү эң семиз бала Индонезиялык Арья Пермана 10 жашында 192 кг салмагында болгон. Ал дайыма камыр жана тез даярдалуучу тамактарды, куурулган тоок этин жана газдалган суусундууктары менен тамактанган. Күнүнө 5 маал эки табак тамак ичкен. Анын ата-энеси 5 жашында семирип баратканын байкашкан. Табити кундөн-күнгө ачылган Арья 5 жылдын ичинде 192 килограммга семирген. Бул учурда мектепке барууну да токтотуп окуусун үйдон улантып, жуунуга бассейнге барып калган.

Арья Пермана операция жолу менен ашыкча майларын алдыртып, үч жылдын ичинде салмагын 106 килограмм болгон. Дарыгерлердин көзөмөлү менен диета кармап, балык жана жер-жемиштер менен тамактанып 86 килограмм салмакка келген.

Учурда Арья Пермана 13 жашта 86 килограмм. Келечекте атактуу футболчу болууну кыялданып, футболду мыкты ойнойт. Көлөмдүү салмагынан арылган бала өзүн бактылуу сезип, мектепке барууну уланткан.

Индияда 43 жаштагы адам 116 мык жуткан

Индиянын Раджастхан штатынын 43 жаштагы Бхола Шанкар ичи катуу ооруп ооруканага кайрылган. Бейтапты рентгенге тарткан учурда көп өлчөмдөгү кадимка мыкты көрүшүп, дароо операция жасашкан. Операция учурунда узундугу 5см болгон 116 даана мыкты алып чыгышкан. Бхола үй бүлөсүнөн жашырып мыктарды  жутуп келгенин айткан.

Дүйнөдөгү эң узун жана эң кичине адамдардын жолугушуусу

Гиннес китебине арналган майрамда эки рекордго кирген эн узун жана эң кичине жеңүүчүлөр жолугушкан. Эң кичине Чандра Бахадур Дангинин бою 56 сантиметр болсо, эң узун Султан Косендин бою 2 метр 51 сантиметр болгон. Булардын жолугушуусуна көпчүлүк таң берип, бирге түшкөн сүрөттөрү бүгүнкү күндө да актуалдуулугун жоготпой келет.

Көпчүлүктү таңкалтырган “резина бала”

Дүйнөдөгү өзгөчө адам индиянын Пенджаб штатында жашаган Джасприт Сингх Калра денесинин ийилчээктиги менен көпчүлүктү таңкалтыртып келет. Анын башынан баштаган ар бир дене мүчөсү 180 градуска кайрылат. Мындай өзгөчөлүгүнөн улам достору “резине бала” деп аташат.

Булак: Мезгил Ньюс

 

 

 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *