Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарына Анжелина Жоли менен Жеки Чан дагы келеби?

Мезгил

Алдыда кереметтүү Ысык-Көлдүн Чолпон-Ата шаарында III Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндары өткөнү жатат.

Бул жылы оюндарга бир нече жылдыздуу коноктор чакырылган. Алардын арасында Анжелина Жоли, Леонардо Ди Каприо жана Жеки Чан дагы бар.

Бул тууралуу  Көчмөндөр оюндарын  даярдоо жана өткөрүү боюнча атайын кызматынан  билдиришти.

Маалыматка ылайык, конокторго чакыруу каттарды премьер-министрдин атынан жазында эле жөнөтүлгөн. Алар азырынча жооп бере элек.  

Ошондой эле оюндардын ыктыярдуу элчиси болуп Стивен Сигал чакырылды.

 Эскерте кетсек, III Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндары 2018-жылдын 2-8-сентябрда өтөт.  

Булак: Мезгил ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *