Көчмөндөр оюндарына катышууга дүйнөнүн 44 өлкөсүнөн спортчулар билдирүү беришти

Мезгил

III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катышууга дүйнөнүн 44 өлкөсүнөн спортчулар билдирүү  беришти. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Маалымдалгандай, 19-июлга карата 44 өлкөдөн 1 миңден ашуун спортчу көчмөндөр оюндарына катышууга билдирүү беришти. Спортчулардын анкеталык маалыматтары III ДКОнун спорттук программасын өткөрүү жөнүндө жобонун талаптарына ылайык аккредитациянын электрондук системасы боюнча келип түштү. Ал эми  спорттук делегацияларды каттоо иштери 31-июлда аяктайт.

III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына командаларды аккредитациялоо оюундардын расмий сайты аркылуу жүзөгө ашырылат.

Эске салсак, 2018-жылдын апрель айында Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги дүйнөнүн 102 өлкөсүнө III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катышууга расмий чакыруу жөнөткөн.

Булак: Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *