Шыпаагер: Аял, тукумсуздук жана жатындагы түйүлдүк

Мезгил

Азыркы учурда канчалаган үйбүлө бала жытына зар болуп, жубайлар бирин-бири күнөөлөп, барбаган доктурлары, көрүнбөгөн табып, бакшылары калбады дейсиң. Үйбүлөнү жаңы күтүп, анан көпкө балалуу болбой калган учурда биринчи кезекте аялдарды күнөөлөшөт. Бул адамдардын психологиясынанбы? Адегенде аялдар өз алдынча доктурларга көрүнүшүп, эмне үчүн төрөй албай атышкандыктарын билишет. Андан кийин гана эркектер кыймылдашып, доктурга көрүнүшөт. Азыр биз төмөндө сөз кыла турган маселе, аялдардын тукумсуздугу тууралуу болмокчу.

Айзада Кемелова дарыгер гинеколог: “Ден соолугуң чың болсо, эне болосуң”

– Айзада айым айтсаңыз, азыркы учурда жаш үй-бүлөлөр балалуу боло алышпай, кыйналгандар көп экен. Аялдар эмне себептен тукумсуздукка кабылышат?

 – Менин ушул кесипти аркалап иштегениме 30 жыл болду. Ушунча убакыттын ичинде көп эле аялдар, алардын арасында жаш келиндер, кыздар келишип, дарыланып кетишти. Аялдардын тукумсуздугу биринчи кезекте алардын өз денсоолуктарына карабай, убагында дарыланбай жүрө бергендигинен болот. Суук тийгенден кийин өз убагында дарыланышпайт, же таптакыр медицинага тиешеси жок адамдардын кеңешин угуп, өз алдынча дарылана беришет.

Эң негизгиси, доктурга учурунда көрүнүп, анализ тапшырып, анан врачтардын койгон диагнозу менен гана тиешелүү дарыларды ичип, дарыланышы керек. А бизде текшерилбей эле тааныштары кайсы дарыны айтса, ошону ичип, жакшы болуп айыгып кетем деп ойлошот. Экинчиден, ушинтип, өз убагында дарыланбай жүргөн аялдардын оорусу күчөп, жатынга кетүүчү түтүкчөлөрдү жабыштырып, урукту өткөрбөй салат. Урук жатынга жетпей, бойго бүтпөй калышы ошол себептен болот. Андан тышкары жыныстык кошулуудан жугуучу инфекциялар да бар. Алар да аялдардагы тукумсуздукту пайда кылат.

– Жатынга кетүүчү түтүкчөлөр жабышып калганда аны кандай жол менен дарылашат?

– Аны эң алгачкы стадияларында дарыласа болот. Бирок, өтүшүп кеткен учурда кыйыныраак болуп калат. Азыр Бишкекте шаардык гинекология бөлүмүндө жабышып калган трубаларды ачып, операция жолу менен дарылап атышат.

– Аялдардын тукумсуздугунун бир себебин “жетилбей калган жатын” деп да коюшат эмеспи, ушул туурасында да маалымат берип кетсеңиз. Мындай аялдардын жатындары качандыр бир кезде жетилип, балалуу боло алышабы?

– Мындай, жетилбей калган жатын (детская матка) аялдарда, тээ кыз, бала кезинде эле болот. Негизи, кыздардын 12-13 жашынан баштап жетилип, этек кири келе баштайт эмеспи. Ошондон баштап кыздарга этек киринин келишинин регулярдуу циклине көңүл бурушу керек. Эгерде ошол кезде эле этек кири өз убагында келбесе, же ооруп келсе, сөзсүз түрдө доктурга көрүнүшү керек. Антпесе, гормондору бузулуп, жатын эне болууга даяр болбой, өспөй калышы мүмкүн. Андан тышкары, кыз кичинекей кезинде кандай оорулар менен ооруганы, башынан жаракат алган жок беле ошону да билиш керек.

Эгерде башынан жаракат алып борбордук нерв системаларына доо кетсе, гормондору бузулуп, жатындын өспөй калышына шарт түзөт. Тилекке каршы, мындай ооруну өз убагында билбей, убакыттан уттуруп кеч, күйөөгө тийгенде гана билишет. Бирок, ошондой жатындар деле кийинчерээк жакшылап дарыланса жетилип, аялдар эне боло алышат.

Булак: Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *