Дабакана: Стресс – бардык дарттын башаты

 Мезгил

Азыркы заманда стресс болбогон адамды жолуктуу кыйын. Көчөдө, аялдамада, коомдук жайларда же транспортто кимдир бирөөгө кайрылсаң, жыймаюу менен жооп берген адамдар аз кездешет. “Адамдын ой жүгүртүүсү анын маанайына байланыштуу, ойго жараша маанай түзүлүп, маанайга жараша күч-кубат болот” деп эскертишет психологдор. Ал эми күнүмдүк көйгөйлөрлөрдөн улам адамдын маанайы төмөндөп, бара-бара стресске кабылат. Ал эми стресс баардык оорулардын башаты болуп эсептелинет. Мындай учурда эмне кылуу керек? 

Стресс эмнеден пайда болот? 

Стрессти пайда кылуучу бул стрессорлор болуп эсептелинет. Аларды физикалык жана психологиялык деп эки түргө бөлүп кароого болот. Физикалык стрессорлор түздөн-түз организмге тиешелүү (суук, ысык, ачкалык, чаңкоо, чарчоо ж.б). Эгерде адам жакшы тамактанбаса, уйкусу канбаса, аз кыймылдаса дене физикалык стресске кабылат. Психологиялык стрессорлорду эмоционалдык чыңалуулар чакырат. Бул таарыныч, коркуу, калп, социалдык статус, жоопкерчиликтүү жумушту аткаруудагы убакыттын жетишсиздиги – булардын баары психологиялык стрессорлорго кирет.

Тең салмактуулук бузулганда 

Дайыма стрессте жүргөн адамдар тез эле жакшынакай өң-келбетинен ажырап, арыктап, ооруп, жүдөп кетишет. Тактап айтканда, стресс кандагы ак клеткалардын (лейкоциттердин) пайда болуусуна тоскоол болуп, натыйжада бул иммунитеттин түшүшүнө алып келет. Себеби, лейкоциттер иммунитетти коргоочу клеткалар болуп эсептелинет. Иммундук система ичегилердин абалына да көз каранды. Мисалы, жоон ичегиде организмге пайдалуу да, зыяндуу да бактериялар болот. Ооруну дарылоодо көпчүлүгү антибиотиктерди кабыл алышат. Мындай учурда тең салмактуулук бузулат да, иммунитетке доо кетет. 

Ичкилик. Иммунитет… 

Туура эмес тамактануудан сапатсыз жана жасалма жол менен даярдалган азыктар, курамында химиялык кошулмалар же кант көп кошулган азыктарды колдонууда да пайда болот. Дайыма диета кармап, ачка жүрүү, семиздик же өтө арыктык да иммунитетти түшүрөт. Ошондуктан, өз маалында, бирок өлчөмү менен тамактануу, семирбөө жана өтө арыктабай нормада жүрүү гана туура болуп саналат. Дене тарбиялык көнүгүүлөрдү аткаруу зарыл, жөө басуу да ден соолукка пайдалуу. Спирт ичимдиктерди жана алкоголду ашыкча колдонуу ар кандай ооруларды гана пайда кылбастан, иммунитетти жоет. 

 Жалгыздыкты самоо жакшы эмес 

Бул дартка чалдыккандар болбогон нерсеге тынчсызданып, абдан кабатыр болушат, көңүлү суз тартат. Өзүнө болгон ишеним жоголуп, өзүн өзгөлөрдөн төмөн коюп, чукул жинденип, эч ким менен сүйлөшкүсү келбей калат. Энергиясы аз болот. Бат-баттан чарчап, ызы-чууну сүйбөй калат. Жалгыздыкты самайт. Түнкүсүн уйкусуздук менен жабыр тартат же тескерисинче уйку басат. Дайыма башы ооруйт, өзүн алсыз сезет, жөнү жок ыйлагысы келет, бирөөгө бат таарынат. 

Булчуңдардын, муундардын какшап оорушу стресске алып келет. Бир канча жаңы өнөкөт ооруларга туш болуу жана мурдагы ооруларды андан да өтүштүрүп жиберүү. Демек, мындай болбош үчүн өз убагында чара көрүп, иммунитетти көтөргөнгө аракет кылышыңыз абзел.

Профессионалдык стресс 

Профессионалдык стресс – адамды өз милдетин нормалдуу аткарууга тоскоол боло турган өзгөрүш. Ага моюнуна өтө көп милдет алып, көп убакыт бою эс алууга мүмкүнчүлүк таппай жүргөн адамдар тушугат. Психологдордун айтымында күнүнө өз нормасынан көп убакыт компьютер менен иштеген адамдар да чалдыгышат. Профессионалдык стресс өөрчүп кетсе, адамдын андан аркы жашоосуна катуу зыянын келтириши мүмкүн.

Анткени, дарыгердин жардамысыз жашай албай калат. Ар кандай күчтүү дарыларды кабыл алуу, аша чапкан эмоционалдуулукка, олдоксон кыймыл-аракетке, ар нерсени тобокелчиликке салууга, агрессияга, оройлукка, уурулукка, бардык жакындар менен мамиленин бузулушуна, акырында өз өмүрүнө кол салууга чейин алып барат. 

Стресске көбүнчө кимдер чалдыгышат?

Дарыгерлердин айтымында стресске эркектерге салыштырмалуу көбүнчө аялдар чалдыгышат. Айрыкча кош бойлуу учурунда стресс болуу абдан коркунучтуу. Ал баланын өз салмагында төрөлүүгө же нерв тамырларынын жабыркашына алып келет. Кээде стресстин айынан балдар майып болуп төрөлгөн учурлар кездешет. Оор стресс кош бойлуулуктун 24-28-жумаларында өзгөчө кооптуу.

Бул учурдагы стресс баланын баш мээсинин калыптанышына терс таасирин тийгизет. Натыйжада, изилдөөлөр көрсөткөндөй, “аутизм” менен ооруган балдар төрөлөт. Ошондуктан, аялдар ден соолугу чың баланын төрөлүшү үчүн кош бойлуу учурунда стресс боло турчу нерселерден оолак болушу шарт. 

Адам стресс аркылуу кандай ооруларга кабылышы мүмкүн? 

 Стресс психологиялык оору болгондуктан, анын аркасы менен көптөгөн оорулар козголот. Стресс болгондо адамдын бир нече клеткалары өлөт. Адам өзү дайыма чыңалып, кайсыл бир көйгөй чечилмейинче стресс менен жүргөн убакыттар да болот. Мисалы, тез чарчоо, кыжалаттык, шалдыроо, жүрөк, ашказан, ичеги-карын, ашказан, баш оорулары, рак, артрит, остеохондроз жана башкалар стресстин айынан болорун медицина эчак эле аныктаган. 

Стресске кабылбаш үчүн адам эмне кылуусу керек? 

Бардык көйгөйлүү маселелерди, окуяларды жеңил кабылдап, ар нерседен кабардар болуп турууга аракет кылуу шарт. Кандай гана милдет жүктөлбөсүн аларды дайыма так аткарып, жакын адамдар, достор, кесиптештер менен мамилени көзөмөлдөп туруу шарт. Андан тышкары дайыма позитивдүү ой жүгүртүп, кайгылуу, капалуу маалыматты туура кабыл алганды үйрөнүү керек. Нервге абдан басым кылуучу жумуштарда иштеген кызматкерлер көңүлдүү эс алууга, үй-бүлө менен бирге убакыт өткөрүүгө, сейилдөөгө жана башка ушул сыяктуу күч бере турган нерселерге убакыт табуу керек.

Активдүү жашоо образы стресске жол бербейт. Врачтын макулдугу менен спорттун кайсы бир түрү менен машыгуу, сейилдөө, китеп окуу жана башка көңүл ачуулар адамды алаксытып, стресске кабылтуучу жагымсыз учурлар тууралуу унуткартат. Стресстен арылуунун эң эле жакшы жолу – бардык нерсени сырттан кабыл алуу. Кимдир бирөө менен урушуп же пикир келишпей калган учурда эмоцияга алдырып тынчсызданбастан, баарын жеңил кабыл алуу шарт. Ал эми уйку – стресс менен күрөшүүдөгү эң жакшы дары. Кызыктуу, пайдалуу жана активдүү иш-аракетиңизден сырткары уктап эс алууну унутпаңыз.

Булак: Мезгил Ньюс

 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *