Дача-СУ: Учак кырсыгында чачылган телефондорду терип алган ӨКМнин кызматкерлерине кылмыш иши козголду

   Мезгил

Дача-СУда учак кулагандан кийин чачылып кеткен телефондорду терип алган Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлерине карата кылымшы иши козголду.   Бул тууралуу күч түзүмдөрүнөн «Кактуска» билдиришти.

Маалыматка ылайык,  тергөө бөлүмүндө Дача-СУда кырсык болгон учурда кызмат кылган ӨКМнин 100 гө жакын кызматкери сурак берген. Алар кырсыктан бир нече күн өткөндөн кийин калдыктарды жыйноо үчүп келген. Иш учурунда куткаруучулар Huawei үлгүсүндөгү мобилдик телефондорду таап алышкан. Муну сурак учурунда 22 куткаруучу дароо эле мойнуна алды.

 Телефондорду алар аялдарына, балдарына, ата-энесине жана башка туугандарына берген. Алардын баары телефондорду өлгөн адамдардын сөөгүнөн алыс жерден табышканын белгилешкен. 

Шектүүлөр Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун чечими менен үй камагында. Аларга карата «кызмат абалынан кыянат пайдалануу», «тергөөгө тоскоолдук жаратуу»» беренелери менен айып тагылууда.

Эске салсак,  2017-жылдын 16-январында таңкы жети жарым чамасында түркиялык компанияга таандык «Боинг-747» үлгүсүндөгү жүк ташуучу учак Бишкектин түндүк тарабындагы «Манас» аба майданынын жанына кулап түшкөн.

Кырсыктын айынан аба майданынын жанындагы Дача СУ айылынын 35 тургуну, учактагы төрт учкуч мерт болгон.  Расмий маалымат боюнча, Гонгконгдон Стамбулга жол тарткан учак “Манас” аэропортуна май куюш үчүн токтогону келе жаткан.

Буга байланыштуу калктан да жардам чогултулган. 2017-жылдын март айына карата Дача СУ боюнча атайын эсепке 95 миллион 700 миң сом чогулганы расмий кабарланып, ал кандай тартипте бөлүштүрүлгөнү тууралуу так маалымат берилген эмес.

Булак: Мезгил ньюс 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *