Мезгил
Кыргызстанда 5-май карата коронавирус жуктурган дагы 13 жаңы учур катталды. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев онлайн маалымат жыйында билдирди.
Анын айтуусуна караганда, жалпы коронавирус жуктуруп алгандардын саны өлкө боюнча 843 адамга жетти.
Бир сутка ичинде Бишкек шаарында – 8 учур, Нарын облусунда – 5 учур катталды.