Мезгил
Кыргызстанда 2-майга карата коронавирус жуктурган дагы 13 жаңы учур катталды. Бул тууралуу онлайн маалымат жыйында Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.
Анын айтымына караганда, жалпы коронавирус жуктуруп алгандардын саны өлкө боюнча 769 адамга жетти. Алардын ичинен 410 – аял, 359 – эркек.
“Жаңы катталган 13 учурдун ичинен Бишкек шаарында– 3, Ош шаарында – 2, Ош облусунда – 1, Жалал-Абад облусу – 4, Баткен облусунда – 2 жана Нарын облусунда – 1 учур бар. Алардын 4 – аял, 9 – эркек”, – деп билдирди ал.