Мезгил
Кыргызстанда бир сутка ичинде коронавирустан 13 бейтап айыгып, ооруканадан чыкса, ал эми 11 адам коронавирус жуктурду
Бул тууралуу бүгүн, 8-майда эртең мененки онлайн брифингде саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.
Жаңы айыккан бейтаптар:
Бишкек шаарында 6 адам;
Нарын облусу 1
Ош шаары 6 адам.
Муну менен Кыргызстанда жалпы 637 бейтап коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылды.
Ошондой эле жаңы катталган бейтаптар:
– Бишкек шаарында 5;
– Чүй облусунда 3;
– Жалал-Абад облусунда 3.
Муну менен Кыргызстанда коронавирус жуктургандардын жалпы саны 906 адамга жетти.