Мезгил
Кыргызстанда сутка ичинде 9 медкызматкер коронавирус жуктуруп алды. Бул тууралуу онлайн маалымат жыйында Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.
Анын айтымында, Жалал-Абад облусунда 2, Бишкек шаарында 6 жана Нарын облусунда бир медкызматкер илдетке кабылган.
Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында 216 учур катталды, алардын ичинен 139 медкызматкер стационарлардан айыгып чыккан.