Дагы жер талаштан чыр чыкты

 

Мезгил

Сокулук районуна караштуу Новопавловка айылынын тургундары айыл өкмөтүнүн алдына нааразычылык акциясына чыгышты. Себеби, баягы эле жер талаш.

Митингдин катышуучусу Кыял Токтокунова 2, 15 га жерин 2007-жылдан бери ала албай келе жатканын айтат. Анткени анын үлүш жери  участок катары сатылып кеткен. Ал эми мындай шылуундук ким колунан келгенин билбейт. Бул маселе менен айыл өкмөтүнө канча жылдан бери кайрыла берип тажап бүткөнүн кеп кылат.

Ал эми айыл өкмөтү Залкар Исакулов нааразычылык акциясына чыккан адамдардын жерлерин кимдир бироолор башка жактан жер тилкесин беребиз деп алып  сатып жибергенин айтат.

-Айылдык жарандарга жер тилкеси бир гана жолу берилет. Булардын алган жерлерин мындан он жыл мурун  бийликтеги эле кишилер башка жактан жер беребиз деп алып, бирок алар ордуна башка жер тилкесин беришпегенин айтып жатышат. Ал эми мыйзам боюнча жер бир гана жолу берилет да. Бул маселени карап жатабыз-деди Исакулов.

Булак: Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *