Даир Кенекеев: “Министрлик дагы биз дагы аттестаттагы катаны байкабай калыптырбыз”

Мезгил

«Учкун» басмаканасынын жетекчиси Даир Кенекеев аттестаттагы катаны мамлекеттик «Учкун» ачык акционердик коому мойнуна алгандыгын  журналистерге билдирди.

“Мурун  6 ай мурда  былтыр болсо  апрель айында аттестаттарды жана дипломдорду жасоо боюнча тендер өтүп жүргөн. Быйыл майдын аягында тендер өтүп  июндун алтысында келишимге кол коюп ишти баштадык. Биз 222 миң нускадан турган документтерди  6 күндүн ичинде басып чыгарганга жетиштик.  Бүтүрүүчүлөр жана 9-класстын окуучулары күбөлүктү убагында алып калсын деп «Учкун» ачык акционердик коомунун кызматкерлери  3 кезек менен иштеп басып чыгарышты. Мындай көп нусканын арасында каталар болбой койбойт экен. 222 миң аттестаттын баарын ар бирин текшерип чыгуу мүмкүн эмес.” деди Кенекеев.

 Ошондой эле анын айтымында, быйыл 11-классты бүтүрүп жаткан 61 миң окуучуга жалпы орто билим жөнүндө аттесттат даярдалып берилди. Ар бир аттестаттын баасы 18 сом 27 тыйын, ажыйынтык бааларынын табелинин баасы — 9 сом.

«Кочкор районундагы  Туз айылындагы орто мектептин бутүрүүчүлөрүнө берилген аттестаттагы ката  боюнча териштирүү болуп, 25 даана аттестат «Учкун» ААКнун персондоштуруу бөлүмү тарабынан кеткендиктен, милдеттүү болгон аталган бөлүмдүн башчысы тарабынан келтирилген 502 сомдук зыян төлөтүлүп, өзү жумуштан бошотулду», — дейт ал.

Даир Кенекеевдин пикиринде, кыргыз тилиндеги мектептердин бүтүрүүчүлөрүнө берилген аттестаттагы «жөнүндөгү» сөзүндөгү ката Билим берүү министрлигинин да, басмакананын дагы күнөөсү.

«Н» тамгасынын ордуна «ң» тамгасы жазылып калгандыгын министрликтин дагы, басмакананын дагы жоопту кызматкерлери байкабай калган. Бирок, мындай жазуу документти жараксыз деп эсептөөгө негиз болбогондуктан министрлик тарабынан алмаштыруу маселеси жаралган жок. Ошондой болсо дагы, «Учкун» ААКнун ички тартибине ылайык, өзүнүн милдетин так аткара албаган 3 кызматкерибиз жумуштан бошотулуп, 2 кызматкерибизге тартиптик жаза берилди”, — дейт  Кенекеев.

Эске салсак, быйылкы мектептин бүтүрүүчүлөрүнө ката жазылган аттестаттар берилген. Аттестатта “жөнүндөгү” деген сөз “жөнүҢдөгү” болуп жазылып калган.

Кыргызстан боюнча быйыл 11-классты 65 миң, ал эми 9-классты 96 миң окуучу аяктады.   

Булак: Мезгил ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *