Дайыны билинбеген Акыйкатчы Мамытов “Атамбаевдин коопсуздугун коргойм” деп ийинден чыкты

   Мезгил

  Мындан бир жыл мурун  КР Акыйкатчысы болуп шайланган Токон Мамытов буга чейин анын дайын дараеги билинбей  жатты эле ал эми 7-августта Кой-Ташта экс-президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясынан кийин ал Атамбаевдин коопсуздугун камсыз кылууга даяр экендигин айтып чыгып  чээнден чыккан аюудай болуп чыга келди.

 Акыйкатчы болуп шайланып жатканда “менин жумушум оор, ыйлап келгендерди сооротуп чыгарышым керек” деп айтканы бар эле. Бирок андан бери карааны көрүнбөй эмне иш кылып канчасынын көз жашын сүртүп чыгарып жатканы деле билинбей жаткан. А бирок Атмабаевди кармоо операциясы жүргөндөн кийин анын коопсуздугун коргоого кепилдик бергенге даяр экендигин айтып күпүлдөп чыкты.  

 Ансызда ал бул кызматка келгенде коомчулуктун көбү жактыра бербей, биртоп эле сынга кабылган болчу. Эмне дейбиз эми кары келсе ашка, жаш келсе ишке дегендей, иштейм деген жаштарга орун бербей, кресло кучактап отура берсе ушу экенда.

Булак: Мезгил ньюс 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *