Далдада калган даткайым: Домбунун куну. Зыйнаттын Аксыга келиши

Мезгил

 (уландысы)

Ормон хандын ордо менен байланышы

Алайлык санжырачы Сартаке Курманалиевдин айтуусунда, илгери Ормон жаш кезинде он чакты жигиттерди чогулта калып, коңшулардан жылкы тийип келели деп жөнөп калат. Атасы Ниязбек баатырдын тыюсун укпай кетет. Саяктардын жылкысына тийген Качыкенин уулу Эралы баатыр ыргыта сайып, колго түшүрүп орго салып коёт. Туткун болуп аябагандай кордук көрөт. Ошол мезгилде Кетмен-Төбөдөн эки жолу мал уурулукка келип колго түшүп калышса, беш-алты күн жаткандан кийин эле “хандан буйрук болду” дешип чыгарып кетишет. Атасы Ниязбек сегиз бектин жетөөсү аман болсун, тил албаган тилазар Ормон жазасын алсын деп кабарлашпай коёт. Ормон саяктардын колунда буту-колун кишен кыйып абдан жүдөгөндө, бирөөлөрдүн жардамы менен эптеп качып кутулат.

Айылына баргандан кийин: “Атаңдын көрүү, ханы жок эл – ээси жок малдай болуп, кароосуз өлөт тура”, – деп, оң атанын эл жакшыларын, акылмандарын уюштуруп, курултай сыяктуу жыйын өткөрүп, хандык уюштуруп, өзү хан шайланат. Кийинчерээк хандык мансаптын жол-жосунун, бийлик тартиптерин көрүп-билип келели, Кокон хандыгы менен мамилелешип келели деп, аталаш тууганы Шаменди, дагы үч жигит жансакчыларды коштотуп ордого барат. Кокон шаарында жаркылдаган даткайым Сыйнатка жолугат, аны менен боордош мамиле түзүп, анын жардамын көрөт. Хан менен керектүү маселелерин макулдашып чечип алат. Сыйнат даткайым ордону өз үйүндөй кыдыртып көргөзөт. Ордо жүз бир бөлмөдөн турат экен. Бир чоң бөлмөдө айтчулар, жазчулар чогуу отурат. Бирөөлөр кагаздын түрмөгүн берсе, башкасы жазылган кагаздарды кайра түрмөктөп жатышат.

 Бул жерде эмне болуп жатат деп сурашса, Кокон хандыгына караштуу элдин санжырасы жазылып жатат деген экен эжебиз. Анда бир санжырачы: “Бир кезде сиздин аталарыңыз болгон Эсенкул баатырдын Мурат деген мыкты уулу Нарбото бий менен достошуп, бир жылы чогуу жүрүшүп Ала-Тоонун элин ордого кошо турган болуп ишке ашпай калган. Эми сиздин иштериңизге ийгилик каалайбыз”, – деген экен. Сыйнат даткайым тоолуктарын боордоштук менен тосуп, эстей жүргүлө деп кооз белектерди берип жөнөтөт.

Ормон элге келгенде: “Ордодон эр азаматка алмаштыргыс кыргыз аял көрдүм. Ордону ойдогудай тейлеп, Коконду колу менен бийлеп турат экен”, – деп айтчу экен. Кийин хандыкты уюштуруп алган соң, Шаменди чакырып алып: “Бир канча зарыл маселелерди дайындап, айрыкча баягы жазылып жаткан санжырадан бизге тиешелүүсүн жаздыртып кел деп эки молдосун кошуп берип, даткайымга салам айт”, – деп белектерди даярдап жөнөтөт. Шамен жөнөп жатып, ал белектерден башка бир илбирс ичик жасатып алат. Илбирс терилерин ийине жеткире ийлетип, бүтүндөй бир тай сүлөөсүндү жакалаткан экен, жөн эле сеңселет дейт, көркүнө чыгып, атаңгөрүү… Жөнөөрдө ичикти Ормонго көрсөтүп: “Муну сиздин атыңыздан ханга жабамын”, – деген экен Шамен.

Шамен деген Ормон хандын сырткы, эл аралык иштерин бүтүрчү, дегеле жалпы негизги маселелерин чогуу чечүүчү акылман тууганы болот. Экөөнүн аталары Ниязбек менен Куттуксейит бир тууган Эсенкул баатырдын балдары болушкан.

Шамендин Зыйнат даткадан көргөн сый-урматы

Шамен баатыр нөөкөрлөрү менен жол жүрүп отуруп ордого барышат. Даткайымга жолугуп, Ормондун салам-дувасын айтып, аманат белек-бечкектерин тапшырып, жаңы хандыктын иштеп жаткан жөн-жайын айтып түшүндүрөт. Даткайым менен ханга белек тапшырышка такты карай бет алышат.

Далдада калган даткайым: Зыйнат датканын ордо иштерине аралашуусу

Бул күндөрү баягы Мадали түбөлүк жайына кетип, ордуна тууганы Шералы келип, тагдыры окшош болуп ал дагы анын артынан кетип, эмки кезек Кудаяр ханга келип, Шамен босогону аттап кирип келгенде чырактай жанган супсулуу жаш баланын хан экенине ишенбегенсиди. Тоо тараптан кишилердин келишин күтүп турган Кудаяр ийкем саламдашты. Зыйнат датка: “Өзүңүз жабыңыз” дегенчелик Шаменге жол берди эле, Шамен: “Ордуңуз кут болсун, тагыңызды талашкандар оңбосун, өмүрүңүз узун болсун”, – деп хандын ийинине жапты. Таласта туулуп-өскөн Кудаяр мындай ичикти көргөн менен кийбеген эле, кубанып калды. Бул кийимди Кочкордон келген кочкор ичигим деп дайыма сыйга кийчү. Бул ичиктин үлгүсүн андан ары жакшыртып Зыйнат менен Жаркынайым терилерди ийлетип, келин-кыздарды чогултуп тиктирип, ордого келген кадырман кишилерге улуксан кийим катары кийгизип жүрүштү. Кочкор ичик кийинчерээк Кокон ичик аталып, аны кийген кишилер ордонун ызааттуу кишилери болуп түшүндүрүлүүчү.

Шамендин ошол ызааты Кудаярхандын көңүлүндө узакка сакталган. Ормон ханды урматтап, кабарлашып турган. Эң кичүү уулунун атын Ормон хан койгон. Кудаярхан апасы таежеси менен кеңешип отурушуп, Шаменди чоң ызаат менен жөнөттү. Майда-чаран белектерден башка атайылап оозун бекем, клиттеп чакан куржун даярдап беришет. “Клитти чечпей Ормонхандын өз колуна бер”- деп дайындайт. Шамен аманатты алып келип, дувай саламдарды айтып, куржунду колуна тапшырганда, Ормон: “Ичикти менин атымдан тапшырдыңбы?”,- дейт. “Ооба”,- дейт Шамен. “Анда бул куржун ичиктин жообу экен, кийин өзүң чечип ал”, – деп Ормон куржунду кайра Шаменге карматат. Ал чакан куржундун эки көзү толгон алтын буюмдар, чакалар экен. Ошол белек жугумдуу болуп, Шамен “сегизбектин” эң бакубаттуу байы болуп чыккан экен.

Алымбек датканын ажалы

Алымбек датка Асан уулу ордодо жүз башыдан баштап увазирге чейин, бирде жоолашса бирде боордоштук ар кандай мамиледе, заманынын кырдаалында жүрдү. Бирок Курманжандын, Зыйнаттын, Жаркынайымдын достук мамилелери түбөлүктүү сакталган. Акыркы мезгилдерде Алымбек датка ордо менен мамилеси муздап, хандыкты бөлүп кетүү максатында Тагай балдары менен кеңешүүгө жандоочторун алып, түндүктөгү туугандарына барат. Ормон хандан калган бийлик Үмөталы менен Төрөгелдиде экен. Орто-Токойго жакшыларды чогултуп кеңешме өтөт.

Туугандар менен тил табышат, Ала-Тоо хандыгын түзө турган болушуп, ага чейин Алымбекти “эл агасы” болсун деп бата кылышкан. Бул кабар өзүнөн мурда эле ордого жетет, андан башка дагы карама-каршылыктары болгон экен, муну менен кошул-ташыл шылтоо болуп, Алымбекке өлүм жазасы буйрулуп калат. Бул суук кабарды Зыйнат датка эл арасына чыкпай турсун, ордого жолобосун, Ала-Тоонун арасына жашынып турсун деп жеткирет. Зыйнаттын чабарманы Ошко келип Курманжанга тиешелүү кабарларды оозмо-оз айтат. Курманжан Оштон Гүлчөгө өтүп барып, Алымбекти ошол жерде күтүп алды.

Алымбек ордодогу кабарларды толук укту да, бирок бир аптадан кийин мен жашынып жашабаймын деп, ордону карай жөнөп баратканында, карамүртөздөр Маргалаңда тосуп туруп, даярдап койгон Чотон балбан деген неме канжар менен сайып, өлүмгө дуушар кылышты. Кыйышпас адамдары Зыйнат баш болуп ордо кишилери жаназасын окуп, сөөгүн коюп көңүл айтып кетишти. Ошондо да кайран акын эжебиз кыргыздын ордо эле эмес, бүтүндөй кыргыз элине кадыры сиңген чыгаан жигитин бабына келтирип кошуп, аңызга калган. Бул кишинин кошокторун уккан келин-кыздар жатташып, пайдаланып жүрүшчү экен.

Домбунун куну. Зыйнаттын Аксыга келиши

Шералы хандын Таласта жүргөндөгү досторунан Жоошбай, Үмөталы, Табылды деген кишилер Шералынын көзү өткөндөн кийин бала-чакасынан кабар алып, соода-сатык бүткөрүп келишке чыгышат. Айдатып келишкен эки миңдей койлорун Үмөталыга дайындап коюшуп, аттын башын Аксыга бурушат. Ал жакта жакын туугандары бар болушкан. Келе жатып чогулган элди көрүшөт да, “той же аш өтүп жаткан окшойт” деп ойлонуп, тамашага катышкылары келишет.

Табылды күрөш дегенде жулкунуп турчу жигит экен (автордун бабасы), “жүр бир нерсе алып кетели” деп кайрылып барышса, майит чыгып жаткан жер экен. Ордого салык чогултчулардын башчысы, айтамга элинин Сейит деген уруусунан Домбу деген азаматтардын бири экен. Коконго барганда хан тагасы болуп ордодо эркинче жүрүп, Кудаярхан Зыйнат, Жаркынайым менен тууганчылык кадыр-көңүлү жакын жүрчү экен. Салык чогултуунун чатагы менен чырлашып кетип кокустуктан көз жумган экен. Ошол жердеги боор ооруган бирөөлөр “доолашкандардын мааниси жогураак” туугандары Таласта, ханга жакындыгы бар дешиптир.

Жоошбай мындай иштин далайын көргөн, Шералынын эң жакын досу болгон азамат экен. Ошол жерден ордону көздөй бет алышат. Ордого жетип Кудаярханга “Домбу тагаңды чаап салышыптыр, доо доолашкан эч ким жок, кор тутуп көмүп жатышыптыр”,- дегенде, хан чоочуп кетип таежесине айттырат, апасынын көзү өтүп кеткен экен. Зыйнат даткайым менен макулдашып: “Аксылык тагаларым эки жылдан бери салык төлөбөгөнү аз келгенсип, эми Домбу тагамды өлтүрүшүптүр, төркүнүңүзгө бата окуп келиңиз, эми салыкка кунду кошуп аламын”- деп даткайым таежесине өзүнүн улуу уулун кошуп жөнөтөт.

Даткайым төркүнүм деп эзилип кошок кошуп жоктоп түшкөндө эле аксылыктардын “эми балакет басты” – деп үрөйү учуп калат. Ошол капшаб менен хан эки жылдык хан салыгын алыптыр, тагаларынын туугандарын, баягы кабарлап барган аяш аталарын да куру калтырбаптыр. Акырында таластык Сейиттер чогулуп барып, кун өндүрүшүптүр. Ошого байланыштуу азыркы убакта да узакка созулуп кеткен мамилелер боюнча – Домбунун кунундай болуп бүтпөс болду го деген Аксы-Таласта сөз айтылат.

Зыйнат даткайым кийинки мезгилдерде өзүнүн эле Тубай уругунан Атабек деген ордо өкүлүнө турмушка чыгат. Атабек Бишкек чебинде иштеп туруп саясый кырдаалдарга карата Олуя-Атага которулуп кетет, даткайым эри менен чогуу ушул жактарда жашайт. Ал аңгыча орус-кокон эрегиши орус тарапка кыйшая баштайт, эки мамлекеттин Миң-Өрүктөгү беттешүүсү Кокон ордонун жеңилишине алып келди.

Орустар Атабекти эки колун артына байлап Оренбургга жөө айдап кетти дешчү эле. Ошентип, бүт күч-кубатын, кайратын, сергек-акыл эсин эл-жерим үчүн деп эмгектенип жүргөн даткайымдын да өмүрү карыды. Зыйнат датка узак жашады. Кокон ордо менен бир мезгилде төрөлүп, ысыгына күйүп, суугуна тоңуп жүрүп, ордо менен чогуу карып, Таластагы төркүндөрүнүн колуна, атактуу Кең-Кол өрөөнүнүн этеги менен Эчкили тоосунун кошулуш жеринде илгери бабалары жашаган Нылдыга барып токтоду.

Зыйнат датканын Таласка кайтышы

Зыйнат Датканын ал кезде улгайып калган кези эле. Эл топтолгон жерлерде узун сары көйнөк сыртынан чолок жеңдүү кара баркыт кемсел кийип, башына сары жоолук салынып, көйнөгүнүн этеги менен тизесин ороп, эркекче малдаш уруп отуруп алып, башынан өткөн жоруктарды, азыркы замандын опурталдуулугун түшүндүрүп отураар эле.

Булак: Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *