Далдада калган даткайым: Шералынын үйлөнүшү. Соноайым, Жаркынайым баяны

Мезгил

Хан ордосун караган Сыйнат (Зыйнат) датка

(уландысы)

Нарбото бий аксылык тагалары менен сөөк жаңыртып, Аспердинин кызы Умсунайга кудалашып, каада-салты менен Кожобекти үйлөдү. Кожобек Умсунайдан Улукбек, Шералы деген уулдарды көрдү. Нарбото бий отуз жыл бийлик жүргүздү, иниси да зор иштерди бүткөрүп, Кокондун колун узартып, этек-жеңин кеңитти. Экономикалык, аймактык өсүштөр болуп негизи кыргыз элинен болгон өз алдынча эркин хандык түзүүнүн талабы келип жетти.

Хандыктын негизделиши, хан бийликтин киргизилиши

Хандык башкаруу жөнүндө сүйлөшүү жүргөндө Кожобек ичинен кымыңдап, кезек мага келди го деп жолдош-жоролору менен дуулдап жүрдү. Нарбото улгайганын сезип, бир жагынан иниси Кожобектин таасиринин күч алып бара жатканынан бийликтин ага өтүп кетишинен кооптонуп, эч күтпөгөн ордо оюнун ойлоп тапты. Ордо бийлигине тиешелүү кыргыз-кыпчак, өзбек, тажик бийлерин, бектерин чогулттуруп келип, Бухара эмирлиги менен үстүртөн макулдашып, зор машакаттуу той өткөрүп 1800-жылы кеч күздө тун уулу Алимди хандыкка көтөрүп, башына алтын таажы кийгизди. Нарботонун бул иши иниси Кожобекке эле эмес, бүтүндөй бийлик чөйрөсүндөгүлөргө жакпай калды.

Абдрахман балдарынын ортосу муздады. Кожобек Нарботого бет алышып, бул иштин натуралыгын, Алимхандын жараксыздыгын айтып агасын таарынтты. Ошондон көп өтпөй Кожобек эки кишинин жандоосунда зарыл иштер менен Аксыга кеткен, кайра келатканда алдынан каракчылар тосуп чыгып, Кожобек киши колдуу болду. Бий инисин ар кимдерден көрүп, аксылыктарга жалаа жаап ордун таппай, тез эле тынчып кетти. Атасынын күйүтү менен жүргөн Улукбек күндөрдүн биринде жаткан жеринен турбай калып, өзү ууландыга ыйгарылды.

Нарбото уулу Алимхан Кожобектин уругун жана жакындарын, айрыкча Аксыдагы Чот баш болгон Андабайларды кырып түгөтүш керек деп жашыруун тапшырма таратты. Бир канча чыгымдар болуп кетти. Чот, Жанболот, Ажыбек, Асперди, Токтоназарларды ордодон четтетишкенден кийин булар да качкындарга кошулду. Коконго кожоюн болуп койкоюп жүрчү тагалар Аксыда жашаштын айласын таппай калышты.

Андабай балдарынын артынан түшүү башталды, кармап кетүү адатка айланды. Дүрбөлөңгө түшкөн Андабайлар түпкү мекени болгон Таласты карай качышты. Сурагандарга Саркалпак болобуз дешчү экен. Качкындардын бөлүгү Ат-Ойнок-Кара-Кулжа аркылуу Чийим-Ташты ашып түшүштү. Экинчи бөлүгү Чаткал аркылуу Кара-Буураны ашып түшүштү. Ордонун куугунчулары Чаткалдын Чакмак-Таш деген жеринен тосуп чыр чыгарышты. Аларды Ажыбек, Сарымсактын жиберген жигиттери каршы алып, элди алардын колунан бошотуп кетишти. Кара-Буурадан ашып түшкөндөрдү Ажыбек менен Сарымсак жайгаштырышты, алиге чейин “Саркалпак” аталышат, ал эми Чийим-Ташты ашып түшкөндөр “жаңы тууганбыз” деп коюшат, а чындыгында баары эле бир Баркынын Андабайынан болуп эсептелишет.

Шералынын Таласка келиши

Кокон ээси Алимхан бекеринен өзү жайлаган тууганы Кожобектин жакындарын жатыркап Андабай балдарын аралаштырып кудалаган жок, анткени, булардын каны аралашып, өтмө катар сөөк болушуп калышкан эле. Таласка келгенден кийин булардын тамырлары дагы тереңдей баштады. Таластыктар Алтын бешик тукумдарын урматтоо менен тосуп алышты. Элчилик ынтымакты уюштуруп төрт түлүк мал чогултуп беришти, кыштоосуна Кара-Буура, Эчкилиден, ал эми жайлоосуна Табылгыты, Чаткалдан жер бөлүп беришти.

Шералыны хан тукуму деп ызаатташып, апасы Умсунайдын суроосун канааттандырып Жанболот парваначы Эчкилиден нылдынын сайынан кенен-кесир жер бердирди. Шералы шалы эгип күрүчтөн жакшы түшүм алчу жер алигече “Шалпая” деп аталат.

Шералы “Сынган кылычтагы” сүрөттөлгөн өтө майез, чалакайым эмес, эл катары эле болгон. Алимхандын куугунчуларын Кара-Буура даванынан өткөрбөй артына айдагандан кийин, куугунтукту уланта турган хандыкта андай кырдаал деле болбогондой, анүстүнө ордо менен нааразылашкандан кеги ичинде болгон Чот баатыр, Жанболот парваначы ал кездеги Ажыбек бий Алчыкен уулу, Сарымсак бий Токтоназар, Асперди дагы жергиликтүү эл билген азаматтар Таласты жакшы кармап турушкан. Алтурсун хантагалары ызаатталышы керек деп, хан салыгын төлөбөгөн мезгил болгон экен.

Шералынын үйлөнүшү. Соноайым, Жаркынайым баяны

Ошол кезде Сарымсак деген илгерки Ташкенди хан Турсундан тартып алган Көкүм баатырдын тукуму (Нарбото менен алакалуу дос болуп ордодо иштеп жүрүп Таластагы багыштарга бий болуп келип, кийин Мадали хандын тушунда даткалыкка жеткен киши). Кожобек менен Андабайлардын каргашалуу кайгысын өтө оор кабылдайт. Умсунай менен Шералыга жардамдаш болуп, асырап багып жүргөн Соноайым деген кызын Шералыга алып берет.

Андабайлар Айтамга туугандары менен жакшы ынтымакта жайланышкан соң, Умсунай дагы уул-келинин ээрчитип, Кеңколдун этек жагындагы Эчкили тоосунун баш жагындагы Нылды деген жерден, ошол учурдун Айтамга журтунун кадырманы, убагында Ташкен, Коконго кызматы өткөн Жанболот парваначынын канаты астынан төркүндөрдүн төркү жайынан орун таап, бейкут турмушта жашап калды. Келгени Соноайым алты-жети жылча көз жарбай жүрдү. Андан кийин агасы Токтоназар менен макулдашып, анын он алтыга чыгып калган көзгө көрүнүмдүү, көңүлгө жагымдуу, жаркылдаган Жаркын деген кызын уулуна жар кылып берди.

Ошол мезгилде ордого да сыйымдуу, элге да жагымдуу болуп, айтканын аткартып турган Сарымсак даткага Шералынын Соноайым карындашынын үстүнө аял алышы, албетте, жакпай калат да, Соноайымды чакыртып келип төрүнө отургузуп алат. Азып-тозуп араң жүргөн Шералыда кайдагы каяша сөз?! Бирок, ошол эле жылы келгенине алты айга жетпей, алты жыл бою көз жарбаган Соноайым балчайган уул төрөп коёт. Балага “бабасынын арбагы колдосун” – деп Абдрахман деп ат коёт.

Тарых тактасында: Далдада калган даткайым-Зыйнат датка

Боюнан бошогон Соноайымды Шералы апасы экөөсү келип алып кетет, төрөт жолу ачылган Соноайым андан кийин да төрт балалуу болуп, тарбиялайт. Абдрахманды Сарымсак бербей коёт, Сарымсактын уулу болуп чоңоёт, эр жеткенде аны Сарымсак датка Ордого жайгаштырып, Мадали хандын лашкер башчысы болуп, өз ата-энеси менен да өтө жакын болот.

 Мезгилдер өткөндөн кийин Алимхандан качып келген Асперди, Токтоназарларды Оморхан ордого чакыртып келип бийликке аралаштырат. Жанболот, Чот баатырлар Таласты кармаганы менен дайыма кабарлашып турушат. “Сынган кылычта” Шералыны издеп жүрүп таап келди деген маселе роман жазылган мезгилдеги саясый кырдаалга карата, хан тукумун жерден алып көргө салгандар көп нерселерди калпыстыкка учуратышкан, замананын талабы ошондой болбодубу…

Чындыгында Аксы-Таластагы хан тагалары эч жоголбой эле ордонун ысыгына күйүп, суугуна тоңуп дегендей эле ордодогу жээн хандар менен насиптеш, шыбагалаш болуп эле өмүр кечирди. Жакшылык-жамандыктарга, аш тойлорго аралашып дегендей, жорук-жосундардан эч качан кол үзүлгөн жок. Оморхан Токтоназарды Тогуз-Торого даткалыкка жөнөткөндө, агасы Асперди ордодо иштеп калган эле.

(Уландысы бар)

Булак: Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *