Мезгил
Режиссер Айбек Дайырбековдун Борбор Азия боюнча биринчи «Дарак ыры» кыргыз мюзикли Россиянын «Октябрь» кинотеатрында көрсөтүлө баштайт. Бул тууралуу аталган тасманын режиссеру Айбек Дайырбеков билдирди.
Маалым болгондой, тасма 28-апрелден тарта көрсөтүлмөкчү.
“28-апрелден баштап Россияда «Дарак ыры» кеңири прокатка чыгат. Анын премьерасы Москвадагы «Октябрь» кинотеатрында болгону турат. Билет сатыкка чыкты. Эртерээк алгыла. Кыргыздын атын кино ааламга таанытат. Кыргыз киносу дүйнөнү багынтат!», — дейт ал.
Белгилей кетсек, өткөн жылы чыккан «Дарак ыры» кыргыз мюзикли бир нече эл аралык сынактарга катышып, баш байге жеңүүчүсү да болгон.