Дарбызды кантип туура тандайбыз?

Мезгил

Дарбыз

Дарбыз (Citrullus Аorsk) – ашкабактар тукумундагы бир же көп жылдык өсүмдүк уруусу. Тамыры көп тарамдуу, жерге 1 мден ашык кирет. Сабагы узун, оролуп же төшөлүп өсөт, жалбырагы жазы, айрым жыныстуу. Дарбыз тоголок, сүйрү, жалпак, кабыгы агыш жашыл жана башка, сулпу кызыл, кызгылт, айрымдарыныкы ак, сары. Дарбыздын жапайы, аш жана тоют түрү белгилүү. КМШ өлкөлөрүндө Төмөнкү Волга бою, Түндүк Кавказ, Украина, Молдавия, Казакстан жана Орто Азия республикаларында өстүрүлөт. Аш дарбызы желет, туздалат, маринаддалат, андан цукат жасалат. Дарбызда 11% кант болот. Тоют дарбызы чоң (салм. 10–15 кг), кант туулугу 2–3%. Жаңы кезинде жана силос түрүндө бардык малга берилет. Дарбыз ысык климаттуу жерде жакшы өсөт, топурактын күрдүүлүгүн анча талап кылбайт. Дарбыз эгилүүчү жер күзүндө айдалат (25–27 см тереңдикте), эрте жазда малаланып, эки жолу культивацияланат. Кыргызстанда эгилүүчү дарбыз сорттору: Жеңүүчү, Мрамор, Мелитополь, Десерт жана башка.

 Дарбыздын ичиндеги аппак катмары кан басымын түшүрөт.

Бөйрөк, боордогу ташты тазалоодо. Дарбыздын ширеси организмдеги холестериндин басымын түшүрүп, боор менен бөйрөктү шлактардан тазалайт. Дарыгерлер организмди тазалоо үчүн 3-4 күн бир гана дарбыз менен кара нанды кабыл алууну сунуштап келишет. Бул аралыкта тез-тезден заара чыгаруу менен бөйрөктү, боорду жана заара чыгаруучу жолдордун баарын майда кум менен таштардан тазалайт. Ушул ыкма менен артрит, гастрит, сарык, аз кандуулук, жүрөк кемтик оорулары, мурундан аккан канды жана семирүүнү дарылайт.

Кан басымын түшүрүүдө. Дарбыздын ичиндеги аппак катмарынын дагы ширесин бөлүп алып, аны алманын ширеси менен аралаштырып ичүүгө болот. Ал күлгүн өңдүү ширеге караганда эки эсе пайдалуу. Бирок бир күндө жарым стакандан гана ичүү керек. Ширенин бул түрүн кан басымы жогорулар, уйку бези, бөйрөк жана боору ооругандарга бир күндө жарым стакандан он күн катары менен ичүү сунушталат.

Өнөкөт ичеги оорусу барлар 1 литр дарбыздын ширесине эки стакан кайнаган муздак сууну аралаштырып бир күндө эки стакандан 4-6 маал бир жума ач карын ичүү керек.

Кансырап калганда. Жатындан аккан кан токтобой адам кансырап калганда канды калыбына келтирүү үчүн дарбыздын уругун майдалап, аны сүткө кошуп ичирип келген.

 Нитраты жок дарбызды кантип тандап алуу керек?

Дарбызды сатып алып жатканда биринчи кезекте ичинде нитраты жогуна көңүл буруңуз. Нитраты бар, жогун текшерүү үчүн төмөндөгү байкоолорду жүргүзүңүз:

– Бир кесим дарбызды бир стакан сууга салыңыз. Сууңуз күлгүн же кызыл өңдө болсо, анда ал дарбызда нитрат бар. Сууңуз жөн гана бозоруп тунук көрүнбөсө, анда ал табигый таза дарбыз болгон болот.

– Дарбыз жарака кетпей, бирок бышып турган болсо, анда ал нитраттын жардамы жок өскөн.

– Нитраты жок дарбыз кесилгенде идеалдуу, бир кылка сонун болуп кесилбейт.

Кимдер жегенге болбойт?

– Организминде чоң өлчөмдө ташы барлар

– Ичи көөп кыйналып жаткандар

– Заара өтүүчү түтүктөрдүн иши бузулгандар

– Дарбызды балдарга ашыкча бергенге болбойт. Ал баланы ашыкча салмактуулукка алып келет. Себеби анын курамындагы шекер организмге бат сиңет да, жыйынтыгында бала акырындык менен шишикке айланып толо баштайт.

Дарбызды кантип туура тандайбыз?

Үзүлгөн сабы кургак сары болуш керек.

Дарбызды чапканда тунук үн чыгуу керек.

Дарбыздын сыртын сүртүп, анан жыттасаңыз чөп жыттанса, анда ал толук бышып жетиле элек.

Өңү ачык, даана чийилип турат

Жылтырап, тырмак менен тилсең тилинбейт.

Кыры 10 сантиметрге жакын жери сары же саргыч болот. Жерде жаткан жери билинип турат.

Булак: Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *