Мезгил
Дарыгерлер Азия чемпиону Улукбек Жолдошбековдун көзүнөн алган жаракаты боюнча кароодон өткөрүп, анын жаракаты оор эместигин айтышты.
Бул тууралуу Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттигинен билдиришти.
Маалым болгондой, Улукбек Жолдошбеков даарыгерлердин кароосунан өттү. Анын көзүнүн чел кабыгынын эки каты айрылып кеткен. Ал учурда оорканада дарыланып жатат 7-10 күндө айыгып, машыгууга болот.
Белгилей кетсек, Индияда өткөн Азия чемпиондугунда Улукбек Жолдошбековдун ирандык атаандашы анын көзүнө колун катуу тийгизип алып мекендешибиз көзүнөн жаракат алган.
Мезгил ньюс