Дарыгерлердин көрсөтмөсүнө карабастан Өмүрбек Текебаев операция жасатуудан баш тартууда

Мезгил. 

Онкология Борборунун дарыгерлери экс-депутат Өмүрбек Текебаевге тез арада калкан безиндеги шишиктен операция жолу менен арылууга көрсөтмө беришкен. Бирок, экс-депутат макул эмес.

Текебаевдин адвокаты Таалайгүл Токтакунованын айтымында, шишик залалдуу экени аныкталган. Ага карабастан дарыгерлер шишикти тез арада операция жолу менен алып салууну сунушташкан.

“Өмүрбек Текебаев операция жасатууга макулдук бербей жатат. Учурда ал неврология Борборунда дарыланууда. Аны абакка которууга болбойт. Анткени, дарыгерлердин көзөмөлүндө болушу зарыл”, – дейт адвокат.

Өмүрбек Текебаев орус ишкеринен ири суммадагы акча алганы үчүн айыпталып, КР Кылмыш жаза кодексинин “Коррупция” беренеси боюнча 8 жылга эркинен ажыратылган.

Ал жаза мөөнөтүн №47 абакта өтөп жатканда, ден соолугу начарлап, ушул жылдын 1-августунда Улуттук кардиология борборуна алынып келинген. Ага медициналык текшерүүдөн кийин калкан безинде шишик бары аныкталып, диагноз коюлган.

Булак: Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *