Дарыгерлерге жогорулатылган айлыктар ушул айдан баштап берилет

Мезгил

Дарыгерлерге жогорулатылган айлыктар бүгүн бериле баштайт. 

Буга чейин Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунан билдиришкендей, үй-бүлөлүк дарыгерлер жана медайымдарга акы төлөөнүн жаңы системасы киргизилген.

Маалыматка ылайык, атайын 8 көрсөткүч иштелип чыгып, алардын ар бирин аткарууга жараша упайлар чегерилет.

Эгер медициналык кызматкер 100 упай топтой алса, кошумча акы 16 миң 204 сомду түзөт.

Упайларды оорукананын бөлүмдөрү эсептейт.

Кошумчаласак, учурда жаш дарыгер 6,5 миң сом, 30 жылдан ашык иштегендер 14 миң сомго жакын маяна алат.

Булак: Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *