Дастан Сарыгулов: Атамбаевдин ушунчалык көп жаман иштерди жасап жибергенине ким күнөөлүү?

Мезгил

– Дастан агай, бийликтеги жоопкерчилик маселеси боюнча кеп баштасак деп турам.

– Союз тарагандан бери чейрек кылым эч бир жетекчи эч кимдин алдында жооп берген жок. Бул ачуу чындык. Жетекчиге “мен эч кимдин алдында жооп бербейм” деген түшүнүк сөөгүнөн тартып чучугуна чейин сиңип калган. Бул көрүнүш Атамбаевде да бар. Мындай жорук Конституцияга кол тийбестик укугун киргизгенден бери жаман адатка айланып кетти. Кол тийбестикти толугу менен жойбосок мамлекеттүүлүктү талкалай турган чоң коркунучка айланып баратат.

Мунун менен кошо депутаттар да, өкмөт да жооп берүүдөн качып жатат дегени турасызбы?

– Албетте. 28 жылда 28 өкмөт алмашты. Кимден жоопкерчиликти сурайсың? Ошонун кесепети бүгүнкү экономикалык абалдын жаралышына кедергисин тийгизип олтурбайбы. Атамбаев тууралуу айтсак мамлекетти, мыйзамды сыйлабаган адам ал кантип анын жараны боло алсын.

– Экс-президентке тагылган айыптар боюнча пикириңизди кандай?

–  Башкы прокурор туура айтып жатат, ага тагылган айыптар боюнча “кылмыштын белгилери бар” деп. Айыптоолорго тиешеси бар же жоктугун тергөө иштери гана аныктайт. Сот чечим чыгарат. Бирок, коомчулук Атамбаев соттолобу же акталып кетеби, же саясий куугунтуктун курмандыгы болуп жатабы деген ойго жооп издеп турушат. Бул бийлик тараптын кетирген кемчилиги. Мамлекетке чоң суммадагы зыян келтиргендиги, бийликти узурпациялагандыгы тууралуу айтылган жок. Эгерде бийликти узурпация кылбаса Батукаев чыгып кетпейт болчу. Бийликтин баардык бутактарын бир колго топтоп алгандыктан бир адам Саламаттыкты сактоо, Жаза аткаруу, күч структураларына буйрук берип олтурат. Мунун өзү эле узурпациялоо боюнча далил боло алат. Бирок, Башкы прокурор бул жөнүндө башка мааниде айтып койду.

Мисалы, “Кумтөр” жөнүндө кыргыз эли үчүн 2 миллиард доллар денонсация кылбай, улутташтырбай туруп каражат өндүрүп алуунун жолу бар болчу. Бирок, бийликтегилер эл үчүн муну жасашкан жок. Эмне үчүн бул нерсени айтпайт башкы прокурор. Акылбек Жапаров туура айтты, “Жер-Үй”, “Түндүк-Түштүк” альтернативдик жолу, “Датка-Кемин” көмөк чордону өзүн-өзү актабаган долбоорлор деп. Муну да чечмелеп айткан жок бийликтегилер.

“Кыргызгаз” арзан баада газ сатып алып элге кымбат баага сатып келген ишкана. Анан ал кантип банкрот болот?  Кантип 1 долларга сатылат. Иликтеш керек болчу. Энергетикалык коопсуздугубузга чоң доо кетти. Эмне үчүн бул иштерди бийлик, Баш прокурор Атамбаевдин убагында жасалган чоң ката катары айтпайт?

Атамбаевди болгону 4 эпизод менен гана айыптап жатат. Ошондуктан кыргыз коомчулугунун кайсы бир катмарында бул иштерди жөн гана саясий куугунтук катары баалаган пикир жаралды.

– Ушундай кысталышта кандай жол тапса болот эле?

– Коомдо калыстык орномоюнча, мыйзамдын үстөмдүгү таанылмайынча бизге инвестиция келбейт. Мурдагы президентти кол тийбестигинен ажыратып атышат, соттор, бир топ жогорку даражадагы жетекчилер аралашкан жагымсыз иштердин бети ачылып олтурат. Муну чет өлкөлүктөр байкап турушат. Алар айтат чыр-чатактан башыңар чыкпаса, тынчтык болбосо силер менен кантип алака түзөм, инвестиция салам деп.

– Атамбаевдин убагында саясий куугунтук болду деп айтып келесиз, буга кандай далилиңиз бар?  

– Тойгонбай Калматовду Жогорку Сот актап койду. Ал канча олтурду. Төрт баласын жумуштан кетиришти. Мага 3 өзгөчө оор кылмышты коюп, 3 жыл олтуруп келдим. Кызымды жумуштан кубалашты, кичи бизнес менен соода-сатык кылган 31 кишини, туугандарыбызды салыкчылардын колу менен банкрот кылышты. Мунун баары саясий куугунтук да.

– Сизге коюлган айыптоолор боюнча толугураак өз оозуңуздан уксак?

– Бийликти басып алууга аракет жасаган деп айыптады, сот айып тапкан жок. “Кумтөрдөгү” коррупцияга тиешеси бар деди, сот далил таппады. Мамлекетке чыккынчылык кылды дешти, ал иш кыскартылды. СИЗОдо 180 күн, 3 жыл үй камагында болдум. Мен өзүмдү начар сезип, ооруп баштадым.  Дарыгерлердин чечимине карабай камап отурушту. Бул саясий куугунтук эмей эмине?

48 барактан турган документ топтоп, депутаттарга арызымды жазгам. Башкы прокурор саясий куугунтук болгон эмес деп жатпайбы анан. Менин арызым кыймылсыз жатат, чара көрүлгөн жок. Анан бул кандай? Адилетүүлүкпү же адилетсиздикпи?

Ушундай маалыматты жөнөкөй жарандардан тартып чет өлкөлүктөргө чейин алып атышат. Атамбаев “Сот адилеттигине ишенбеймин, бир гана кудайдын сотуна, элдин сотуна гана ишенем” деди. Бир чети туура айтты.

– Туура дегениңиз кандай?

– Алты жыл президент болгон киши өзү дайындаган сотторду, системаны жакшы билет да. Аларга элдин да ишеними жок. Өзү баш болуп ишенбей жатса, ушундай деңгээлге жеткен мамлекетке кимдин ишеними болот? Алты жылда баардык тармакты талкалады. Коррупция элди чырмооктой муунтуп жаткан. Ошол абал азыр деле бар. Мамлекетти ушундай абалга Атамбаев жеткизди. Эмне үчүн анын кыянат иштерин элге толук чагылдырбай жатышат азыркы бийлик. Эл муну байкап турат. Ошондуктан ажырым ойлор пайда болууда.

Элге биримдик керек, ынтымак керек. Эгерде бөлүнүп-жарылып олтурсак мезгил алып келген оор сыноолорду жеңип кете албайбыз. Бирикпесек, бир багытка топтолбосок, анада биздин келечегибиз чо-оң суроо жаратат. Бийликтеги ЖМК кызматкерлери маалымат таратууда чабалдыгын көрсөтүп жатышат. Ашыгын кой, болгонун болгондой эле айтып берсе, эл калыс, түшүнмөк.

– Сиздин пикириңизче ачыктык болбой жатыптыр да?

– Ооба.

– Бийликке келгендер жоопкерчиликтен коркпой жеп атса, тазалануу үчүн, мамлекетти оңдоо үчүн эмне кылуу керек?

– Ата-бабаларыбыз бизге улуу мурас, тажрыйба калтырган. Бийлик кыргызда дайыма элдин колунда болгон. Бийлик жаратканда, анан элде деген түшүнүк менен жашап келишкен. Элдик курултайдын алдында баары жооптуу болушкан. Калыстык болуп жатабы, турмуш оңолуудабы, баары бирдей жооп беришкен. Биз буга чейин “Элдик Курултайдын” алдында президент, сот ж.б. башкы органдар жылына бир жолу жооп бербесе ушундай боло берет деп айтып келебиз. Алты жыл каалаганын жасайт, элди теңине албай мазактайт, шылдыңдайт. Анан “мен сүттөн акмын” деп актанып, жоопкерчиликтен качат.

– Атамбаевден кол тийбестикти алып коюп парламент каникулга тарады. Муну “мурдагы президенттен запкы көрүп калган парламент болчу” дегендер чыгууда. Депутаттар тарыхий окуя болуп жатканда четке чыга качышкандай.

– Атамбаев эмне үчүн ушунчалык көп жаман иштерди жасап жиберди. Буга ошол парламент депутатары күнөөлүү. Элдин өкүлү боло алышкан жок. Анткени аларга мандатты партиянын жетекчиси тапшырды. Эл тапшырган жок. Эл партиянын атына добуш берди. Бул мыйзамсыз. Биздин баш мыйзамда ЖК депутаты түз шайланат деп жазылган.

Шайлоо бюллетенинде талапкердин аты-жөнү жазылышы керек эле. Бизде партия жазылды. Бул баш мыйзамга каршы келет. Демек, ЖК элдин өкүлү боло алган жок. Партия түзө койгон олигархтын өкүлү болуп келди. Беш-алты олигархты бийлик оңой эле сындырып коё алды.

– Демек өлкөдөгү болгон окуяларга парламенттин да жоопкерчилиги чоң дегени турасызбы?

– Сөзсүз.  Килейген 5 кодексти 3 окууда 1 күндө бекитип коюшкан. Анын артында миллиондогон адамдардын тагдыры чечилип калды. 6 жылда 51 комиссия түзүлүптүр. Алардын жыйынтыгы эл үчүн болдубу? Жок, болгон жок. Дача-Су боюнча комиссия түздү, жыйынтыгы кана? “Түндүк-Түштүк” алтерьнативдик жолу боюнча комиссия 1 жылдан бери иштеп келет. Жыйынтык жок. Демек депутаттар да биринчи орунга өз кызыкчылыктарын коюп, элдин кызыкчылыктарын акыркы орунга коюп келгендиктен бугүнкү оор абалга учуруп олтурабыз. Муну түз айтышыбыз керек. Ушундай кыйын учурда депутаттар каникулга тарап кетпестен элге чыгып түшүндүрүш керек эле. Алар эмнени айта алышат? Жанагы 4 эпизоддубу? Анда эл айтмак андай 4 эпизодду биздин айыл өкмөтү, баланча министр, аким деле жасаган деп.

Ал тургай министрдин орунбасары 500 миң доллар пара алып кармалган. Кыргызстан үчүн бул таң калыштуу болбой калган. Ал эми Атамбаевди ушуларга тете болгон 4 эпизод менен кол тийбестигинен ажыратып жатат деген пикир өзүнөн-өзү жаралат. Эгерде депутаттар эл аралап Атамбаевдин жасаган былыгын толугу менен айтып берсе, кантип эле мурунку президент суракка барбай койсун? Андай иштер болбой жаткандыгын, бийлик элге маалымат жеткирүү жагынан чабал болуп жаткандыгын Атамбаев жакшы билип, моюн толгоп жатпайбы.

Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *