Дастан Сарыгулов: «Нарындыктар малсыңар», «Таластыктар эл эмес» деген сөздү акылы бар адам сүйлөйбү?

Мезгил

Атамбаевдин оозунан жакшы сөз чыкпайт. Бул тууралуу бийликти күч менен басып алууга аракет кылган” деген кине менен айыпталып, шарттуу кесилген саясатчы Дастан Сарыгулов билдирди.

Мурдагы мамлекеттик катчынын айтымында Алмазбек Атамбаев жалган-чынды кошуп, жоопкерчиликти сезбей  сүйлөй бергендиктен, ал анын өздөрүнө көңүл бөлбөйт.

—Мен анын сөзүн таптакыр укпайм. Ал ойду-тоону, чын-калпты сүйлөй берет. Жоопкерчилигин сезбейт. Мисалы, «Нарындыктар малсыңар», «Таластыктар эл эмес» деген сөздү акылы бар адам сүйлөйбү? Кантип угасың! Бул адамдын оозунан жакшы сөз чыкпайт, ошон үчүн көңүл бурбайм, укпайм дагы-деди Сарыгулов

Эске салсак, мурдагы мамлекеттик катчы Дастан Сарыгулов “бийликти күч менен басып алууга аракет кылган” деп 2016-жылы кармалган. Алар кармаларда Интернетке бул адамдарга үнү окшош бирөөлөрдүн сүйлөшүүсү жазылган аудио тасма жарыяланган эле.

Кийин Бишкектин Биринчи май райондук соту Дастан Сарыгулов төрт жылга шарттуу кесилген. Кийин ал үй камагына чыгарылган.

Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *