Дастанбек Жумабеков Улан Эгизбаевдин үй-бүлөсүнө көңүл айтты

Мезгил

  Жогорку Кеӊештин   Төрагасы Дастанбек Жумабеков мезгилсиз дүйнөдөн кайткан белгилүү журналист Уланбек Эгизбаевдин үй-бүлөсүнө көӊүл айтты.

Анда мындай деп айтылат:

“Уланбек Эгизбаевдин мезгилсиз дүйнөдөн кайткандыгы тууралуу кабарды тереӊ кайгыруу менен кабыл алдым. Ал таланттуу, жаркын адам эле. Журналистикалык иликтөөлөрү дайыма коомчулуктун көӊүлүн бурчу. Жаштыгына карабай көпчүлүк кесиптештерине үлгү болчу. Жалпы элге калеминин курчтугу, кайраттуулугу жана эмгекчилдиги менен таанылган. Уланбек тууралуу өткөн чакта жазуу өтө оор.

Уланбек Эгизбаевдин каза болушу жакындарынын гана жүрөгүн оорутпастан, жалпы кыргызстандыктарды кайгыга салды. Биз Уланбекти түбөлүк эскеребиз. Үй-бүлөсүнүн жана жакындарынын аза кайгысын теӊ бөлүшүп, аларга кайрат айтам

Белгилей кетсек, Азаттыктын мыкты журналисти Уланбек Эгизбаев кечээ 22-июль күнү Ысык-Көлгө эс алууга барган жеринен сууга чөгүп каза болгон.  

Булак: Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *