Деги качан дени сак чиновникке жарыйбыз?

Мезгил

Тээ илгертен бери айтылган кеп бар бар “ уяты бар адамдын жүзү кызарат” деген. Анын сыңары, “уят өлүмдөн катуу” деп да бекер айтылып калган эмес.

Минтип айтып жатканыбыздын бир себеби, ыйык трибунага чыгып алып “мен кыйратам, жыргатам” деп “ант” берип ишке киришип, анан теңирден тескери иш кылып, өкмөттүн акчасына кол салып “эл душманы аталган” чиновниктер четтен чыгат. Чыгарын го чыгып жатат, бирок бир жаман жери прокуратура иш козгогондо эле жүрөктөрү кармап, ооруканага жата калуу кадыресе көнүмүш ишке айланды. Ооба, илдетти бетке кармап, врачтардын чөнтөгүнө тыйын-тыпыр сала коюп, керектүү кагаз жаздырып алган бул негизги шылтоо болуп калган. Айлыкты аз алган врачтарга эмне, акча алып жаткан соң, кагаз жазып берип койгон алар үчүн колдун учу эмеспи. Андан дагы “мага катуу айтпагыла, ооруп калам” деп догурунгандары да бар. Ден-соолугу начар болсо үйүндө жатпайбы, креслого жармашпай. Бирок мансаптын таттуу даамы, ден-соолуука карабайт экен го.

Кечээ жакында депутат Рысалиев трибунага чыгып “менин ден-соолугум чың, керек болсо азыр олтуруп-туруп машыгуу жасап берем. Мен ден-соолукка караган жанмын” деп мактанып алып, сот иш козгоду эле, “деним сак” деген депутат, бир ооз сөздүн күчүн көтөрө албай аз жерден өмүр менен кош айтышып кала жаздап, араң калды. Эгер илгерки баатырлардай душманга беттеп чыккыла  десе, азыркы тилинен чаң чыккан билермандар душманга беттеп чыкмак турсун, душмандардын жүзүн көргөндө эле кан басымдары жогорулап, жатып калышары да турган иш. Негизи эле ар бир адам кылган ишине жараша жаза алыш керек да. Ошол кылмыш иштерин жашыруунун амалын таппай жатышып, илдетке кабылышандары да бар. “Деним сак”  деп мактанган, Зарылбек Рысалиевдин бир боорондук алы болбой жаткан соң, башкаларына сөз айтуу да опурталдуу. Деги биздин элдин маңдайына ыйманга какмчы салбаган,  убадага турган, дени сак, иштин көзүн билген кызматкерлер буйрубаса керек.

Булак: Мезгил Ньюс

 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *