Декларациядан киреше жашыруу боюнча “чемпион” депутат

Мезгил

“Өнүгүү-Прогресс” партиясынын Жогорку Кеңештеги депутаты Гүлшат Асылбаева ОсОО “Джун Соу”  жана “Коньячный дом” компанияларындагы  үлүшүн декларацияда көрсөткөн эмес. Бул тууралуу “Декларатор” сайты жазып чыкты. Кызык жери дал ушуга байланыштуу маселелерди депутат айым парламентте байма-бай көтөрүп келген эле.

Гүлшат Асылбаеванын 2015-жылы кирешесинин жалпы суммасы 2,1 миллион сом болгон. 2016-жылы 655 миң сом, 2017-жылы 697 миң сомду түзгөн. Депутаттын 123 чарчы метр болгон батири жана 74 чарчы метр коттеджи бар экендиги декларацияда көрсөтүлгөн. Ал эми туугандарынын мүлкү, кирешеси тууралуу маалымат жок.

Юстиция министрлигинин маалыматына ылайык Асылбаева учурда ОсОО “Джун Соу” компаниясынын негиздөөчүсү болуп эсептелинет. Аталган компания Бишкекте Мурманск көчөсүндө 250/1де жайгашкандыгы 2014-жылы 16-октябрда катталган. Компаниянын негиздөөчүлөрүүнүн бири болуп Дүйшебаев Азат Кеңешбекович (УКМКнын мурунку башчысы Кеңешбек Дүйшебаевдин улуу) жана Ху Ии аттуу Кытай жараны да көрсөтүлгөн.

Бул компаниянын негизи багыты спирт ичимдиктерин жана башка суусундуктарды, азык түлүктөр боюнча иш алып барат. Үч жылдын ичинде (2013-2015-жылдар) бюджетке жалпысынан 11 млн сом өлчөмүндө салык төлөгөн. Анын ичинде 3 млн сомдон ашууну 2015-жылы төлөнгөн. Бул тууралуу Асылбаеванын декларациясында көрсөтүлгөн эмес.

 

Ал эми “Коньячный дом” компаниясында Асылбаева 2015-жылы 29-декабрда Жогорку Кеңештин депутаты болгон кезде да мүчө бойдон калган. Асылбаева менен чогуу «Коньячный домдун» негиздөөчүсү катары «Кыргыз коньягы» ЖЧКсынын уюштуруучусу Голубина Ольга Александровна да катталган. Депутат айым бул туурасында да декларацияда көрсөткөн эмес.

2017-жылы Гүлшат Асылбаева “Алькоголдук ичимдиктерди өндүрүү боюнча бирдиктүү мамлекеттик маалымат” мыйзам долбоорун даярдаган. Мыйзам кабыл алынып, бирок, ушул убакытка чейин иштеген эмес.Өлкөдөгү мыйзамдын “атасы” катары саналган ЖКнын көзгө басар депутаттары ушинтип кирешесин жашырып, мыйзамды бузуп жатса, карапайым калк Атамбаевдин депутаттар жөнүндө айткан сөзүн айтат да, анан.   

Булак: Мезгил ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *