Дене тарбия жана спорт мекемелеринин кызматкерлеринин айлыгы көтөрүлдү

  Мезгил

Өкмөт  машыктыруучулардын эмгек акысын – 50%, дене тарбия жана спорт мекемелеринин кызматкерлеринин эмгек акысын – 20% көбөйттү. Тийиштүү чечимге  премьер-министр  Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.  

Кабыл алынган токтом 1500 дөн ашуун машыктыруучулардын жана дене тарбия жана спорт мекемелеринин 400 гө жакын кызматкерлеринин эмгек акысын көбөйтөт.

Белгилей кетсек, акыркы жылдары дене тарбия жана спортту өнүктүрүүдө чоң секирик жасалды. Алсак, 2018-жылы Джакарта шаарында (Индонезия) өткөн 18-Азия оюндарында тарыхый ийгиликке жетип, биздин спортчулар биринчи жолу 20 медалга ээ болушту, алардын ичинен 3 алтын.

Мындан тышкары 2018-жылы Футбол боюнча улуттук курама командабыздын футбол боюнча Азия Кубогунун финалдык бөлүгүнө тарыхта биринчи жолу жолдомо алып, 2019-жылдын башында Бириккен Араб Эмираттарында өткөн Азия Кубогунда ишеничтүү оюн көрсөтүп, өз тайпасынан чыгып, кийинки плей-офф баскычына чейин жеткени дагы чоң жетишкендик болду. Муну менен бирге ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген спортчулардын жеңген медалдарынын саны өстү.

1) спорттун олимпиадалык, паралимпиадалык, сурдлимпиадалык түрлөрү:

– I категория – 75,0 (жетимиш беш) миң сом;

– II категория – 60,0 (алтымыш) миң сом;

– III категория – 50,0 (элүү) миң сом;

– IV категория – 40,0 (кырк) миң сом;

– V категория – 30,0 (отуз) миң сом;

– VI категория – 20,0 (жыйырма) миң сом;

– VII категория – 10,0 (он) миң сом;

2) спорттун улуттук түрлөрү:

– I категория – 25,0 (жыйырма беш) миң сом;

– II категория – 20,0 (жыйырма) миң сом;

– III категория – 15,0 (он беш) миң сом;

3) спорттун олимпиадалык эмес түрлөрү:

– I категория – 20,0 (жыйырма) миң сом;

– II категория – 15,0 (он беш) миң сом;

– III категория – 10,0 (он) миң сом;

– IV категория – 8,0 (сегиз) миң сом.

Булак: Мезгил ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *