Депутат А. Абжалиевдин уулу Темирлан Токобеков ооруканадан чыкты

Мезгил

Жол кырсыгына кабылган депутат Алиярбек Абжалиевдин  уулу Темирлан Токобеков ооруканадан чыкты. Бул тууралуу Травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборунан билдиришкен.

Кырсыктан Темирлан Токобековдун мээси чайкалып, жамбаш сөөгү сынгандыгы маалымдалган. Дарыгерлердин айтымында, ага операция жасалган жок бирок, негизги жардам көрсөтүлгөн.

Эске салсак, 7-июль күнү Ысык-Көлдүн Бактуу-Долонотуу айылында жолдо «Lexus» жана «BMW Х7» кагылышып,  кырсыктан «Lexus» машинасындагы айдоочу жана жүргүнчүлөрдүн баардыгы көз жумган. Ал эми «BMW Х7» унаасында Темирлан Токобеков жана анын эки досу болгон. Билдирүүлөргө караганда, кырсык болгон күнү рулду досу Элдияр Калмурзаев башкарган.

Булак: Мезгил Ньюс

 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *