Депутат Аида Исмаилова эмнеге прокуратурага кайрылууга аргасыз болууда

 

Мезгил

Бүгүн жогорку кеңештин жыйынында депутаттар электр тармагындагы талаш-тартышка берилүү менен  катуу сын-пикирлерди айтып, Аймамат Кошоевичти баш кылып окуучуну тилдеген мугалимдей эле абалды тартуулашты.  Депутат Аида Исмаилова терифтерден кеткен катачылыктарга кенен токтолуп, “2018-2019- жылдарда кетирилген кемчиликтер үчүн элге ким компенсация  төлөп берет?” деген суроосу жоопсуз калып, депутат катуу ачууланды.

-Сиздерде жоопкерчилик жок, болсо бул суроого кимиңер жооп бересиңер-деген депутат айымдын суроосуна электр тармагындагы билермандар шылкы бош “бир ай ичинде кагаз түрүндө жооп беребиз” деп араң кутулушту. Бирок бул жооп  Аида Исамилованы ынаандыра алган жок.

-Сиздер дайыма ушинтип кагаз түрүндө жооп беребиз деп кутулуп кетесиңер, бирок мен, сиздерден эки жылдан бери жооп ала албай убара болуп келем. Эгер бир ай ичинде жооп бербесеңер анда мен прокуратурага кайрылууга мажбур болом!- деди эл өкүлү.

Эки жылдан бери келбеген жооп бир айдын ичинде “келет” деп ишенген депутат айым бул маселенин аягына чыгуу үчүн бар күчүн жумшайбы же бул жөн гана өзүн өзү жарнамалообу аны убакыт көргөзөт го.  

Булак: Мезгил ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *