Депутат Аида Исмаилованы ким коркутууда?

Мезгил

Иликтөө жүрүшүндө көптөгөн мыйзам бузуулар табылган, ошондон бери жеке мени фарммафиянын кызыкчылыгын жактаган жактар ачык эле коркута баштады. Бул тууралуу Аида Исмаилова Жогорку Кеӊеш жыйынында билдирди.

Депутат айымдын айтымында, Жогорку Кеӊештин жумушчу тобу Саламаттык сактоо министрлигинин ишиндеги көптөгөн мыйзам бузууларды таап чыккан. Ошондон бери жумушчу топко жана ага тартылган эксперттерге карата коркутуп-үркүтүүдө.

-Мисалы, алдынала иликтөөлөргө караганда, мамлекеттик сатып алуулардын гемодиализ жаатында эле 75 млн сом өлчөмүндө зыян келтирилген. Ал эми Дары-дармек менен камсыздоо департаментинин жооптуу кызмат адамдарына карата 10 кылмыш иши козголду. Алар 22 млн сом зыян келтирген деп шектелүүдө. Башкы прокуратура мында мыйзам бузуу жосундары жетекчиликтин өз милдетин талаптагыдай аткарбагандыгынан улам болгонун билдирди, – деди эл өкүлү.

Буга чейин Кыргызстанда “Ротафарм” компаниясынын “Репретин” препаратынын айланасында ызы-чуу чыккан. Анда бөйрөк оорусу жана рак дарты менен жабыркаган адамдардын саламаттыгын колдоо үчүн сайылчу бул дарынын сапаты жана тийгизген таасири боюнча күмөн саноолор тараптардын талаш-тартышына айланган. Айрым илимпоздор “репретин” анык дары катары илимий изилдөөдөн өткөн эмес дешсе, “Ротафарм” аны рыноктон сүрүп чыгарууну каалаган атаандаш компаниянын кызыкчылыгы үчүн ызы-чуу чыгып жатканын белгилеген.

Булак: Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *