Депутат: Айрым категориядагы айып пулдардын өлчөмүн ыгы жок азайта берүүнүн зыяндуу жактары да бар

   Мезгил

Жогорку Кеӊеште 2019-жылдын 1-январынан тарта күчүнө кирген кодексти өркүндөтүү жана бузуулардын айрым категориялары үчүн айып пулдардын окшош өлчөмдөрүн белгилөө максатында иштелип чыккан “КР Бузуулар жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору каралды.    

Депутат Зиядин Жамалдинов мыйзам баардык жарандарга бирдей иштеши керектигин айтты.

“Айрым категориядагы айып пулдардын өлчөмү 3 миӊ сомдон 1 миӊ сомго чейин азайтылып жатыптыр. Аны ыгы жок азайта берүүнүн зыяндуу жактары да бар, муну дагы эстен чыгарбаш керек. Башкы максат айып пулду азайтуу эмес, жол коопсуздугун камсыз кылуу болуп саналат. Жолдо жүрүү эрежелерин одоно бузган адамдар ошого жараша айыбын тартышы зарыл. Ошондо тартип болот”, – деди ал.

 

 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *