Депутат Аскарбек Шадиевдин иши сотко өттү

Мезгил

Депутат Аскарбек Шадиевдин кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу тууралуу кылмыш иши сотко өттү. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Малым болгондой, Биринчи Май райондук соту соттолуучунун катышуусу жок эле кылмыш ишти карап чыгат.

Белгилей кетсек, Аскарбек Шадиевге кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган деген айып тагылууда. Тергөөнүн версиясы боюнча, эл аралык иштер боюнча парламенттик комитеттин башчысы болуп турганда, 30 миң доллар кайда кеткендиги тууралуу туура эмес маалымат берген.

Булак: Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *