Мезгил
Борбордук шайлоо комиссиясы депутат Бахадыр Сулеймановдун кош жарандуулугун текшерет. Бул тууралуу массалык маалымат каражаттарына БШКнын башчысынын орун басары Абдыжапар Бекматов билдирди.
Маалым болгондой, документтер акыйкатчы Токон Мамытовдон келип түштү. «Биз ТИМге суроо жөнөттүк, эми жооп күтүп жатабыз. Эгерде депутат чынында эле Кытайдын жаранынын паспорту бар экени тастыкталса, мыйзамдык тартипте мандатынан ажыратылат», -деди Абдыжапар Бекматов.
Ал эми депутат өзү КЭРдин жарандыгын албагандыгын айтууда.
Булак: Мезгил Ньюс