Депутат башпрокурордун парламентке келип, Бакиевдин активдери тууралуу маалымат берүүсүн талап кылды

Мезгил. 

Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Наталья Никитенко башпрокурор Өткүрбек Жамшитовдун жыйынга келип, Евгений Гуревичтин маалыматы боюнча отчет берүүсүн талап кылды.

“Евгений Гуревичтин ачыкка чыгарган маалыматтары боюнча башкы көзөмөл органынын отчетун  угушубуз зарыл. Профилдик комитет буга ылайык чечим чыгарган”, – деди депутат.

Евгений Гуревич экс-президент Курманбек Бакиевдин уулу Максим Бакиевдин ЦАРИИдеги каржы кеңешчиси болгон. Ал Бакиевдин үй-бүлөсү Кыргызстандан 200-300 миллион доллар чыгарып кеткени тууралуу маалымат берген. Бул маалыматты өлкөдөгү тийиштүү кызматтарга да бергенин, бирок андан кийин алар тараптан эч кандай кызыгуу пайда болбогонун да маалымдаган. Ал эми башпрокурордун орун басары буга дейре депутаттарга мурдагы кеңешчинин маалыматтары текшерилип жатканын билдирген.

Наталья Никитенконун сунушу менен башпрокурор жыйынга бүгүн чакырылмак болду.

Булак: Мезгил Ньюс

 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *