Депутат: Эмне үчүн элибиз Айыл чарба министрлигине жийиркенич менен карайт?

Мезгил

Эмне үчүн элибиз Айыл чарба министрлигине жийиркенич менен карайт? Эмнеден улам мындай болууда? Депутат Сайдулла Нышанов Жогорку Кеӊеште 2019-жылдын жазгы-талаа жана чарбалык жумуштарын жүргүзүүгө карата даярдыктын жүрүшү жөнүндө Өкмөттүн маалыматы угулуп жатканда айыл чарба министри Нурбек Мурашевге ушундай собол салды.

Айыл чарба министри мындай мамилени өткөн жылы өстүрүлгөн өнүмдөрдүн өз маалында сатылбай калганы менен түшүндүрдү.

«Картошка сыяктуу айрым айыл чарба өнүмдөрү экспортко чыкпай, баасы түшүп, дыйкандардын аракети акталбай калды. Ошондон улам, ушундай пикир жаралууда. Азыр жазгы талаа жумуштарын үзгүлтүккө учуратпоо чаралары көрүлүп жатат. Мисалы, быйыл суу былтыркы эле көлөмдө болот. Суу чарба департаментине 238 млн сом каралды», – Нурбек Мурашев.

«Айыл чарба тармагында кандайдыр бир жылыштарды жасашыбыз керек. Айыл чарба министрлигинин ишине нааразычылыктар көп, чече турган көйгөйлөр да арбын. Биз өткөн жылы орун алган көйгөйлөрдөн туура жыйынтык чыгарып, анан алга жылууга тийишпиз. Ансыз ишибиз оӊолбойт», – деп, депутат Сайдулла Нышанов биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Бороновду мындай акыбалга өзгөчө көӊүл бурууга чакырды.

  

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *