Депутат Карамат Орозова жаш мугалимдерге үй берүүнү сунуштады

  Мезгил

Бүгүн, 10-октябрда Жогорку Кеӊештин жыйнында ар кандай маселелер көтөрүлүүдө. Анда депутат Карамат Орозова жаш мугалимдерге үй берүуну сунуштады.   Эл өкүлү  жаӊы шайланган Билим берүү, илим министрине билим берүү тармагындагы көйгөйлөрдү чечүү боюнча сунуштарын жолдоду.

 Анын айтымында  аймактык мектептердеги мугалимдердин жетишсиздигин жоюу үчүн жаш мугалимдерге үй берип, аны 10-15 жылдан кийин менчиктештирүүгө укук берүү же айлыгына кошумча каражат бөлүү керек. Ошондой эле региондордогу жогорку окуу жайларында айрым факультеттерди же бөлүмдөрдү кыскартпай, алардын ордуна колледж же лицейлерди уюштуруу зарыл.

Булак: Мезгил ньюс 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *