Депутат Кой-Таштагы кырдаалга тынчсызданды

Мезгил

Учурда Жогорку Кеңеште экс-президент Алмазбек Атамбаевди кол тийбестигинен ажыратуу боюнча маселе  каралууда. Анда төраганын орун басары  Мирлан Бакиров Кой-Ташта болуп жаткан кырдаалга  тынчсызданды.

 Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитовго кайрылып:   “Башкы прокурор катары айтсаңыз, бул нерсе коомдук тартипке, коопсуздукка кандайдыр бир таасири тийиши мүмкүнбү? Бул боюнча кандайдыр бир эскертүүлөр берилдиби?” – деп сурады Бакиров.

  Өткүрбек Жамшитов: “Өткөндө айткан кайрылуулары Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды. Ал эми бул боюнча эч кандай эскертүү берилген жок”, – деп жооп берди.

  Бакиров  “Бул жагдай коомдук тартипке терс таасирин тийгизиши мүмкүн” деди.

Белгилей кетсек,  экс-президент  Алмазбек Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүндө анын тарапташтары чогулуп, таш  төгүлгөн.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *