Депутат: “Коопсуз шаар” менен эле чектелбей,«Коопсуз Кыргызстан» долбооруна өтүүгө тийишпиз

Мезгил

Ушу тапта көп жылдардан бери чечилбей келген «Коопсуз шаар» долбоору иштей баштады. Ушуну менен эле чектелип калбай, чакан «Коопсуз шаар» долбоорунан ири «Коопсуз Кыргызстан» долбооруна өтүүгө тийишпиз. Бул тууралуу депутат Айнуру Алтыбаева Жогорку Кеӊеш жыйынында билдирди.

«Эми биз облустук маанидеги шаарларга да видеожабдууларды орното башташыбыз керек. Мында биринчи кезекте атамекендик компанияларды тартуу зарыл. Өкмөт аларга жардам иретинде республикалык бюджеттен ссуда берүү мүмкүнчүлүгүн караштырып көрсө, андан да жакшы болмок», – деди депутат.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *