Мезгил
Бүгүн Жогорку Кеңеште депутат Эмил Токтошев өкмөт коронавирус боюнча парламентке келип маалымат берүүнү сунуштады.
-Коронавирус дүйнөнү каптап жатат. Баардык мамлекеттер алдын алуу иштерин жасоодо. Россия мамлекети 20-февралда Кытай жарандарын убактылуу киргизбөө чечимин кабыл алды. Ал эми бизде абал кандай. Бизде иштеген Кытай жарандарынын 5 миңи жаңы жылда үйлөрүнө кетишкен экен. Азыр 1,5 миңге жакыны кайтып келишти. Калгандары качан келишет акыбал кандай, чек арада кандай иш болуп атат. Ушул тууралуу өкмөттү Жогорку Кеңешке чакырып кеңири маалымат угуп коелу- деди депутат.
Мезгил ньюс