Депутат: «Кумтөр» алтын кенинде эки жолу авария болуп, үч адам өлдү, ушул кезге чейин анын жыйынтыгы жок

  Мезгил

   Кыска мезгил аралыгында эле «Кумтөр» алтын кенинде эки жолу авария болуп, үч адам өлдү. Авариялардын жана адамдардын өлүмүнүн негизги себептери азыркыга чейин так аныктала элек. Жергиликтүү тургундар өтө нааразы. Ошондуктан, депутаттык комиссия түзүп, адам өлүмүнө алып келген кырсыктардын себебептерин аныктап, анын жыйынтыгы менен кандайдыр бир чараларды көрүү керек. Бул тууралуу депутат Максат Сабиров Жогорку Кеңеш жыйынында билдирди.

«Депутаттар буга чейин «Кумтөр» алтын кени боюнча бир топ көйгөйлүү маселелерди көтөргөнүнө карабастан, тийиштүү органдар тарабынан жетиштүү чаралар көрүлбөй келет. Ошонун айынан дагы үч адам өлдү. Бул жолу парламент дагы, Өкмөт дагы унчуккан жок. Өкмөттүн комиссия түзүлдү дегени менен, ушул кезге чейин анын жыйынтыгы жок, авариянын себептери аныктала элек. Ошондуктан, бул маселени ошол бойдон калтырганга болбойт», – деди депутат.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *