Мезгил
Депутат Азамат Арапбаев Кыргызстанга электр лампочкасын ташып кирүүгө тыюу салууну сунуштады. Бул тууралуу ал КСДП фракциясынын отурумунда айтты.
Анын билдирүүсүндө, жергиликтүү калк энергияны үнөмдөй турган лампаларга өтүшү керек.
«Электр лампочкасын ташып кирүүгө тыюу салуу керек. Адистердин айтымында, 200 мегаватт электр энергиясы үнөмдөлмөкчү. Мында калкка эч кандай зыяны тийбейт. Албетте, электр энергиясын үнөмдөй турган лампалар кымбат турат, бирок алар көпкө чейин чыдамдуу болот», -деди ал.