Депутат: Мамэкотехинспекция өзүнчө эле монстрга айланып калды

   Мезгил

Мамэкотехинспекция өзүнчө эле монстрга айланып калды. Ал бакандай 12 мамлекеттик органдын ишин көзөмөлдөйт экен, анын ичинде экология, базар, курулуш сындуу ири тармактар бар. Ошондон улам, ал жерде туташ коррупциялык жосундар орун алууда. Өкмөт бул багытта тийиштүү чараларды көрүүгө тийиш. Бул тууралуу депутат Алмасбек Акматов Жогорку Кеңеш жыйынында билдирди.

«Өткөндө Мамэкотехинспекциянын коррупцияга шектелген 6 кызматкери камалды. Бүтүндөй бөлүмү пара алышат экен. Мындай абал коомулуктун нааразычылыгын жаратууда. Көзөмөлдүк ыйгарым укуктарды бир мекеменин колуна берип коюу коррупциялык жосундарга алып келерин турмуш өзү көрсөттү. Менимче, экологиялык жана өрт коопсуздугу боюнча көзөмөлдү мурдагыдай эле ошол тармактардын өзүндө калтыруу зарыл», – деди ал.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *