Депутат министрге: Ичи өткөндөрдү дарылай албай жатып, коронавируска каршы чын эле даярсыңарбы?

  Мезгил

Жогорку Кеңеште өкмөт коронавирус тууралуу маалымат берүүдө. Учурда Саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаев коронавирустун алдын ала иштери боюнча даярдыктар боюнча маалымат берип жатып, учурда 964 орун даяр экендигин билдирди.

Бирок депутат Таабалды Тиллаев министрдин бул сөзүнө ишенбей тургандыгын билдирди.

-Бизде коронавируска кайсы ооруканалар даяр. Ошондой эле коронавирус  кайсы мезгилде  токтойт. Сиздер эл аралык уюмдар менен иштешип жатасыздарбы? деген суроону узатты.  

Ал эми эл өкүлүнүн бул суроосуна Саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаев жооп берип 964 орун даяр экендигин айтты.

-Бизде оорулууларды  жана келген адамдарды жаткырыш үчүн 441 орун бар.   Андан тышкары обсервация деп Иркаштам Торугартта 100дөн 200 орун, Манас аэропортунда 183  муну дагы эки эсе көбөйтүп жатабыз. Анан эл аралык Ош аэропортуна 140 орун даярдадык. Баардыгы биригип 964 орун даяр. Медициналык кызматты толук кандуу бере алабыз-деди министр.

Министрдин бул айткандарына ишенбеген депутат Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасында ичи өткөндөрдү дарылай албай жатып анан кантип даярбыз деди.

-Чынында эле даярсыңарбы Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасында  ичи өткөндөрдү дарылай албай жатып  анан ошого даярсыңарбы?-дейт депутат.

Мезгил ньюс 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *