Депутат Наталья Никитенко Лондондогу Максим Бакиевге таандык деген үйдү текшерүүнү Башкы прокуратурага тапшырды

Мезгил

Жогорку Кеӊеште Максим Бакиевдин каржы консультанты Евгений Гуревичтин Бакиевдердин үй-бүлөсү Кыргызстандан чыгарып кеткен каражатка байланыштуу билдирүүсү боюнча тийиштүү органдардын иликтөө иштери боюнча маалымат угулду.

Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитовдун айтымында, Евгений Гуревич жакында берген маектеринин биринде Бакиевдердин үй-бүлөсү Кыргызстандан 200-300 млн доллар көлөмүндө каражат чыгарып кеткенин айткан. Өлкөнүн Башкы прокуратурасы тарабынан бул маалымат боюнча иликтөө жүргүзүү чаралары улантылууда.

«Бирок, Гуревич уурдалган каражаттын дареги, анын булактары, анын банк эсептери жөнүндө так маалымат берген эмес. Ал Бакиевдердин үй-бүлөсү Кыргызстандан 200-300 млн доллар көлөмүндө каражат чыгарып кеткен деп эле кайра-кайра кайталоодо. Ошондон улам, кыйынчылыктар жаралып жатат. Азыркы учурда Максим Бакиевдин АКШдагы 6 млн доллар каражатынын гана дареги бар, ал банкта тоӊдурулган. Кыргызстан азырынча ал каражатты ала элек», – деди ал.

Суроо-жооп маалында депутат Элвира Сурабалдиева Максим Бакиев сындуу кылмышкерлерди Кыргызстанга экстрадициялоо маселесинде эгерде күч органдарынын алы жетпесе парламент дагы аракет көрүп, тиешелүү өлкөлөрдүн астына маселе коюу керектигин айтты.

Депутат Наталья Никитенко Улуу Британия парламентинде күмөндүү мүлктөрдү текшерүү жөнүндө мыйзам кабыл алгандыгын маалымдап, анын негизинде Лондон четиндеги Максим Бакиевге таандык деген үйдү текшертүүгө аракет кылуу зарылдыгын Башкы прокуратурага тапшырды. Бир катар депутаттар талкууланып жаткан маселе боюнча күч органдарынын жүргүзүп жаткан иштерди күчөтүү зарылдыгын белгилешти.

Депутат Акылбек Жапаров жалпы эле 2010-2017-жыл аралыгына чейин өлкөдөн чыгып кеткен ири капиталдар боюнча маалымат берүүнү тиешелүү органдарга тапшырууну сунуш кылды.

 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *