Депутат: «Иликтөө жүрүшүндө көптөгөн мыйзам бузуулар табылган, ошондон бери мени фарммафиянын өкүлдөрү ачык эле коркута баштады»

Мезгил

Жогорку Кеӊештин жумушчу тобу Саламаттык сактоо министрлигинин ишиндеги көптөгөн мыйзам бузууларды таап чыккан. Ошондон бери жумушчу топко жана ага тартылган эксперттерге карата коркутуп-үркүтүүдө. Алтургай, жеке мени фарммафиянын кызыкчылыгын жактаган жактар ачык эле коркута баштады. Бул тууралуу депутат Аида Исмаилова Жогорку Кеӊеш жыйынында билдирди.

«Мисалы, алдынала иликтөөлөргө караганда, мамлекеттик сатып алуулардын гемодиализ жаатында эле 75 млн сом өлчөмүндө зыян келтирилген. Ал эми Дары-дармек менен камсыздоо департаментинин жооптуу кызмат адамдарына карата 10 кылмыш иши козголду. Алар 22 млн сом зыян келтирген деп шектелүүдө. Башкы прокуратура мында мыйзам бузуу жосундары жетекчиликтин өз милдетин талаптагыдай аткарбагандыгынан улам болгонун билдирди», – деди депутат.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *