Депутат ТИМди кыргыз-казак чегарасындагы кыргызстандыктарга жасалган орой мамилени токтотууга чакырды

Мезгил. 

Депутат Улугбек Ормонов кыргыз-казак чегарасындагы кыргызстандыктарды жүдөткөн абалды айтып чыкты. Жогорку Кеңештин жыйынында эл өкүлүнүн айтымында, Казакстандын абамайданындагы Чегара кызматынын кызматкерлери биздин жарандарга орой мамиле жасайт.

“Кезекте 30-40 чакты адам турат, айрымдары жаш балалуу энелер. Жарандарыбыздын паспортун кээде жарым сааттан ашык текшеришет. Бул убакта жаш балдар ыйласа да кыргызстандыктар кезек күтүүгө аргасыз. Бул акылга сыйаарлык нерсе эмес! Эмнеге ТИМ реакция кылбайт?! Казакстандык чегарачылар жада калса дипломаттык паспортко да көңүл бурушпайт. Бул көйгөйдүн пайда болгонуна көп болду, бирок Кыргызстандын тийиштүү кызматтары кайдыгер мамиле жасады”, – деди депутат.
 

Кыргызстандын тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев Казакстанга абамайдандарда кыргыз жарандарын тыкыр иликтөөлөргө каршылык билдирген нота жиберээрин убадалады.

ТИМ маселени жакын арада чечээрин билдирди.

Булак: Мезгил Ньюс

 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *