Депутат вице-премьер-министр Асрандиевге: Эми Ысык-Көлдү ашам дебей, бассейинден чыкпаңыз

   Мезгил

Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Масалиев вице-премьер-министр Эркин Асрандиевге “мындан ары Ысык-Көлдү ашам деп аракет кылбай эле коюңуз. Бассейинден чыкпаңыз”-деди.

Депутат бул тууралуу Жогорку Кеңештин тармактык комитетинде анын талапкерлиги вице-премьер-министрликке каралып жатканда айткан.

-Сиз аябай чоң кызматка барып жатасыз. Бир жума мурун ушундай кызматка барам деген оюңузда деле жок болчу. Мухаммедкалый Дүйшекеевич бул кызматты сунуштай деп сиздин түшүңүзгө да кирген эмес. Бешене экен ушул кызматка барып жатасыз. Кеңеш катары айтып коеюн мындан ары Ысык-Көлдөн ашам деп аракет кылбай эле коюңуз. Бассейинден чыкпаңыз. Себеби сиз мамлекеттик кызматкерсиз сизди ӨКМнин кызматкерлеринин баары   издеп жүрөт-деди эл өкүлү.

Эске салсак,  былтыр 31-августта Ысык-Көлдү сүзүп өтүүгө катышкан Асрандиев жана анын жанында коштоп жүргөн кайыктагы адам көлдөгү катуу толкунга кабылып, бирин-бири таппай калышкан. Сегиз сааттан ашуун дайынсыз болду. Аны издөө боюнча операцияны премьер-министр Мухеммадкалый Абылгазиев жеке көзөмөлүнө алган. Караңгыга калып, суу үстүндө 19 саатка жакын сүзгөн Асрандиев 1-сентябрга караган түнү, саат экилерге жакын Тоң районунун Бар-Булак айылындагы жээкке өзү сүзүп чыгып, аман-эсен табылган.

Аны издөөгө  17 куткаруу тартылып, атайын оперативдүү штаб түзүлгөн. Ага жергиликтүү бийлик органдары 600 литр, Мамлекеттик резиденция 400 литр бензин короткон.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *