Депутат Закир Шарапов: Каденованын да пикирин угуш керек болчу

 Мезгил

Учурда коомчулукта кызуу талкууга алынып жаткан  Социалдык өнүктүрүү министринин мурдагы  орун басары Зууракан Каденова Түштүк Кореянын Сеул шаарындагы аэропортто жаңжал чыгарганы боюнча ар кандай кептер айтылууда. Чиновниктин бул кылыгы кыргыз мамлекетинин аброюна доо келтирбейби? Мына ушул туурасында  суроо салганыбызда Жогорку Кеңештин депутаты  Закир Шарапов төмөнкүчө оюн билдирди.

  “Албетте кандайдыр бир деңгээлде мамлекетибизге жагымсыз жагдай түзүлөт.  Бирок урматтуу министирдин орун басарын да угуп койгон ашыкча болбос го деп ойлойм”.

Белгилей кетсек, буга чейин Социалдык өнүктүрүү министринин мурдагы орун басары Зууракан Каденова 22-сентябрда  Түштүк Кореянын Сеул шаарындагы аэропортто Сеул-Алматы каттамындагы учакка мас абалда чыгып, чуу чыгарганы айтылган. Мындан улам учак эки саатка кармалып кеч учууга аргасыз болгон.

Булак: Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *